Menu

Видео – Еврокомисиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер: Кыргызстан эли – улуу улут, Европа ар дайым Кыргызстандын бардык демилгелерине колдоо көрсөтөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-апрелде Бельгиянын борбору Брюссель шаарына Евросоюздун институттарына визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун соңку жолугушуусу болду.

Сооронбай Жээнбеков менен Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкердин жолугушуусу ачык жана өз ара ишенгендик нукта өттү.  Евросоюздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини, Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни, Европа союзунун Кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен мурдараак талкууланган бардык маселелер козголду. Президент Сооронбай Жээнбеков демократия принциптерин бекемдөө, адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоо боюнча Кыргызстанды колдогон Евросоюздун ачык позициясы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорунун алкагында “Таза коом” мамлекетти санариптик трансформациялоону киргизүү, региондордун экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, ички миграцияны кыскартуу, алыскы региондордун жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын өркүндөтүү сыяктуу Кыргыз Республикасынын ички саясатынын башка маанилүү артыкчылыктуу маселелерине көңүл бурду.

Жолугушуунун аягында Президент Сооронбай Жээнбеков менен Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер басма сөз үчүн билдирүү жасашты.

Жан-Клод Юнкер Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоодо жеңиши жана жалпы регионго жакшы мисал боло алган саясий процесстер менен куттуктады. Кыргызстандын Президентин  коррупцияга каршы күрөштү, адам укуктарын, эркиндиктерин, сөз эркиндигин коргоо ишин күчөтүүгө чакырды.

“Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен мен Кыргызстанга барып, бул кереметтүү өлкөнү өз көзүм менен көрөйүн деген ниеттемин. Мен Кыргызстандагы процесстерге көптөн бери көз салып жүрөм, бул өлкөдөн үйрөнчү  нерселер бар экендигине терең ишенем”, – деп белгиледи Жан-Клод Юнкер.

Ал Кыргызстан элине карата жеке жакшы мамилеси бар экендигин баса белгиледи. “Кыргызстан эли – улуу улут. Европа ар дайым Кыргызстандын жана анын элинин бардык демилгелерине колдоо көрсөтөт”, – деп билдирди Жан-Клод Юнкер.

Ошондой эле ал ЕС Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну өнүктүрөөрүн баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков  өзүнүн билдирүүсүндө Европа союзунун институттарына визити Кыргызстан Европа союзу менен кызматташууга артыкчылыктуу маани берээрин ырастап тургандыгын белгиледи. “Биз Европа союзун туруктуу өнүктүрүү максатындагы маанилүү өнөктөшүбүз деп эсептейбиз жана өз ара  тыгызыраак аракеттенүүгө даярбыз”, – деп баса белгиледи ал.

Мамлекет башчысы Европа союзунун жетекчилиги менен олуттуу сүйлөшүүлөр жана пайдалуу жолугушуулар, өз ара кызыкчылыктарга тийешеси бар маселелердин кеңири спектри боюнча ачык жана конструктивдүү сөз болгонун белгиледи.

“Биз Европа союзу менен көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыктарбыз. Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөргө жогору маани беребиз”,- деп билдирди Мамлекет башчысы.

Евросоюз-Кыргызстан жаңы Макулдашуусу боюнча Сооронбай Жээнбеков ал саясий диалогду чыңдоодо, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө, алдыңкы европалык инвестицияларды тартууда жана туруктуу өнүгүү, тышкы саясат жана регионалдык коопсуздук жаатында кызматташууну өркүндөтүүдө олуттуу экенин, ошондой эле  демократияны, негизги эркиндиктерди жана укук үстөмдүгүн бекемдөөгө кызмат кылаарын белгиледи.

“Биз ошондой эле регионалдык интеграция жана коопсуздук маселелерине да өзгөчө көңүл бөлдүк. Күчөп бараткан чакырыктарга жана коркунучтарга байланыштуу бул актуалдуу. Жалпысынан биздин диалог абдан ачык маанайда, бири-бирибизге ишенгендиктин жана достук кырдаалда өтүп жатат. Кызматташтыктын көпчүлүк багыттары боюнча биз алга жылдык жана биздин өз ара аракеттенүүбүздү туруктуу өнүктүрүү зарылчылыгын түшүнүшүүгө жетиштик”, – деп жыйынтыктады Кыргызстандын Президенти  Сооронбай Жээнбеков.

Ал бийик даражалуу европалык кесиптештерди кайсы убакта болбосун өздөрү үчүн ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келүүгө чакырылганын билдирди.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: