Menu

Орусиянын БУУдагы өкүлү: азыр эң башкысы – согушка жол бербөө

Бөлүшүү:

Сирияда түзүлгөн кырдаалдан улам Орусия менен Кошмо Штаттар ортосундагы түз куралдуу кагылыш ыктымалдуулугун четке кагууга болбойт. Бул тууралуу бейшембиде Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя билдирди.

Анын айтымында, эл аралык коомчулук Сириядагы согуштун алдын алуу маселесин биринчи орунга коюшу керек. Небензя Сириядагы орусиялык аскерлер жайгашкан объектилерге АКШнын ыктымал сокку уруусун “жеткен тартипсиздик” деп атады.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши бейшембиде Сириядагы абалды жабык эшик артында талкуулады. Сирияда Чыгыш Гута аймагынын козголоңчулар колундагы Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулган химиялык чабуулдан, активисттердин, оппозиция өкүлдөрүнүн, куткаруучулардын айтымында, кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган, арасында жаш балдар да бар. Кошмо Штаттар жана анын өнөктөштөрү химиялык чабуул жоопсуз калбашы керек деп эсептешет. АКШ, Франция жана Британия лидерлери Сирияга карата чабуул жасалышы мүмкүн экенин билдирип, бирок чечим кабыл алына электигин белгилешүүдө.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши химиялык чабуул тууралуу маалыматты иликтөө жөнүндө резолюцияны кабыл ала элек. Бейшембиде документтин кезектеги долбоорун Швеция сунуштады.

Бул арада Сирияга химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдардын эксперттери келишүүдө. Алар ишембиде чабуул болду делген жерге барышы мүмкүн. Америкалык маалымат каражаттары АКШда химиялык соккуну тастыктаган далилдер бар экенин жазып чыгышты. Орусия менен расмий Дамаск дооматтарды четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: