Menu

Каттани УКМКнын башчылыгына келсе Сооронбай Жээнбековго өлкөнү стабилдештирүүгө чоң жардам берер эле

Бөлүшүү:

Бизде жулунгандар эле мамлекеттик кызматка жетип, көптөгөн кесипкөй адистер жумушсуз калууда. Ошондуктан акыркы жылдарда өлкөнү башаламандык басты. Эми жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун келиши менен кесипкөй адистер мамлекеттик жумуштарга тартылат деп үмүттөнө туралы. Алардын бири бир кезде “Каттани” деп ылакап атка конуп дүңгүрөгөн генерал-майор Өмүрбек Суваналиев сынын бузбай, 8 жылдан бери өз саатын күтүп олтурат. Караколдо самолет жардырам деген террористтин колунан гранатасын жулуп алып, Ысык-Көл облусунун лөктөрүнүн биринин бандит баласын камап салып, өзү да куугунтукка кабылган. Акаев, Бакиев учурларында абакка да олтуруп, акталып чыккан. 2005-жылы июнда Урмат Барктабасов 5 миңдей кишиси менен Ак үйдү басып алганда аларды ал кездеги  Бишкек ШИИБинин башчысы Каттани кууп чыкпады беле. Октябрь айында кримтөбөл Рыспек Акматбаев Ак үйдүн алдына митинг уюштуруп, кетпей туруп алганда чоңдор Суваналиевди КР Ички иштер министринин орун басары кылып дайындаган күндүн эртеси алар тарап кетишпеди беле. Суваналиев КР Ички иштер министри болуп турганда кылмыштуу топтор да саясатка аралашпай калышкан. 2009-жылы Нарын облусунда губернатор болуп турган учурунда Россиянын “Мыйзамдагы уурулары” жеке самолеттору менен Бишкекке учуп келишип, жергиликтүү кримтөбөлдөр менен 7 кара джипте Нарындын Кең-Саз жайлоосуна боз үй тиктирип, бээнин сүтүн ичүүгө барып жатып алышканда ИИМ жана УКМК ооз ачалган эмес, бир гана Суваналиев баарын облустук милиция менен карматып, суракка алып, каттоого коюп, сыртка чыгарып салган. Ошто УКМКнын облустук бөлүмүн башкарып турганда Иранга, Афганистанга поюздун вагондору менен ташылып турган аскердик курал-жарактардын контрабандалык каналын таап жапканы да белгилүү. Баса, 2010-жылы июнь окуяларынын учурунда Убактылуу өкмөт генерал Суваналиевди суранып, Ош облустук  милициянын начальниги кылып жөнөткөндө азыркы президент Сооронбай Жээнбеков ал жерде губернатор болуп тургандыктан бирге иштешип, улут аралык араздашууну чогуу токтотушкан эмеспи. Эски чекист, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев кызматын аркалап жүрүп, Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы, генерал Николай Патрушев,  ФСБнын директору, генерал Александр Бортников,  Госдуманын экс-спикери, РФ Сырткы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин менен өз кезегинде жеке тааныштык мамилелери бар экенин да укканбыз. Ошондуктан кесипкөй Өмүрбек Суваналиев УКМКнын башчылыгына келсе “кызылдар” өз ордун билип, “каралар” өз ордун билип олтуруп калышмак. Президент Сооронбай Жээнбековдун  алдында азыр оор сыноолор турат – жаңыдан пайда болгон оппоненттери акыркы жылдарда  эбегейсиз көп ресурстарды жыйнашкан, эми ошол ресурстарын президент Жээнбековго каршы багыттаганы жатышат. Ушундай кыйын кырдаалда өлкөнү стабилдештирүүгө Суваналиев президент Жээнбековго чоң жардам бере алат эле.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: