Menu

Депутат Талант Мамытовдун “Жер үй” алтын кени тууралу көтөргөн маселеси олуттуу

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов: “Бүгүнкү күндө Таластагы “Жерүй” алтын кенинин маселеси олуттуу болуп отурат. Инвесторлорго чара көрүп, кендин тагдырын чечпесек болбойт”, – деп маселени кабыргасынан койду. Анын пикири боюнча аталган кенди иштетүү укугун алган орусиялык компания милдеттемесин аткарбай, кен иштебей, экономикага салым кошпой токтоп турат. Бул туурасында: “Орусиялык компания “Восток-геолдобычанын” ишин алып барат делген “Альянс Алтын” компаниясы 3 айдын ичинде ал жерге алтынды ылгоочу фабриканы куруп бүтүшү керек эле. Келишимде эгер бул мөөнөттө иш аткарылбаса, ай сайын жергиликтүү бюджетке 100 000 сомдон айып төлөө милдеттендирилген экен. Бирок ал жерде азыр фабрика эмес, анын фундаменти да жок. Айып да төлөбөй келгени айтылууда. Бул боюнча комитеттен тапшырма берип, укуктук баа беришибиз керек. Убагында эки-үч адамдын кызыкчылыгы менен “Кумтөрдөн” айрылганбыз…”, – деп билдирди. Канткен менен эл өкүлү туурасын айтты. Эске сала кетсек, орусиялык олигарх Муса Бажаевге караштуу “Русская Платина” деген компаниялар тобунун бири иштетүү укугун 4 жыл мурун конкурста жеңип алган эле.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: