Menu

Артыкбаев актанып сүйлөсө эле жоопкерчиликтен кутулуп кетеби?

Бөлүшүү:

Айбек Калиев ЖЭБдеги чырга “акыркы кылмышкер” болуп кала турганы көрүнүп калды. Бирок, бул жаш бала 386 млн доллар насыяны алып жаткан кезде жоопкер адам болгон беле? Албетте жок. Оо, анда акчаны жаш балага ыраа көрбөгөн Осмонбек Артыкбаев деген энергетика министри эмес беле. Ошол киши ТВЕАны мактап, жактап, колдоп койгула деп депутаттардын эшигин жыртып жүргөнүн өзү калпка чыгара алабы? Анын бул кылыгын азыркы партиялашы Кожобек Рыспаев деле “Артыкбаев келип сурангандан колдоп бергенбиз” деп ачыкка чыгарып жатпайбы. Калиев ЖЭБдеги жарылууга, энергетика тармагын түшүнбөй, баарын ашмалтайын чыгарып кеткени үчүн жооп бериши керек. ТВЕА үчүн чуркаган, энергетика министри болуп турган кезде иш бөлмєсүнө кытайларды чакырып, ЖЭБди модернизациялоого канча каражат кетерин адистер менен акылдашпай, кытайлар менен картошка сатып алгандай эле соодалашкан Осмонбек Артыкбаев жоопкерчиликтен кутулуп, олчойгон карызга башка бирөө жооп бериши керекпи? Азыркы күнгө чейин Осмонбек Артыкбаев ЖЭБ боюнча камалгандардын жанына барып олтурбай, парламентте чычалап, актанып сүйлөп жатканы көпчүлүктө көп суроолорду жаратууда. Чындыгында Осмонбек Артыкбаевге неге кылмыш иши козголбойт? Ал Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөн ыйык адамбы?

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: