Президенттин өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткара албай жатат деп баш прокурор айым Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча сунушун 105 депутат колдоп берсе, эки депутат каршы чыкты. Каршы болгондордун бирөө Жолдубаеванын жездеси Аалы Карашев болду. Ишин жөндөй албай жатат деп өлкө башчысы Жолдубаеванын профессионал эмес экенин айтып жатса, Карашев президенттин айтканына нааразы экенин билдирип, балдызын кызматтан алууга каршы чыкканы кызык болду. Карашев балдызына болгон нааразычылыктар көбөйүп, аны иштен алып эле тим болбостон, кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабын коюп жаткандарды уккусу келбейби? Коомчулуктун терс пикирин жараткан балдызына жан тартам деген Карашев өзүнүн кадырын ойлогон жокпу? Мындан кийин ал адискөйлүк тууралуу кеп козгосо ким ишенет ага?
Булак: “Жаңы ордо“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ