Menu

Душанбе Самаркандда тажик тилдүү мектеп курат

Бөлүшүү:

Тажик бийлиги Өзбекстандын Самарканд шаарына 640 окуучуга ылайыкташкан тажик тилдүү мектеп курат. Тиешелүү келишимге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл мартта кол койгон.

Документке ылайык, өзбек тарап бул үчүн атайын жер тилкесин бөлүп берип, курулуш аянтында иштеген тажик жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылып берет. Ошондой эле документте мектептин курулушу менен алектене турган компаниялар бажы төлөмдөрүнөн бошотула турганы жазылган. Курулушу аяктагандан кийин мектептин имараты Самарканд акимчилигине өткөрүлүп берилет.

Өзбекстанда тажик улутундагы жарандар көбүнчө Бухара, Самарканд, Наманган жана Сурхандарья аймактарында жашайт. Маалыматка караганда, совет мезгилинде Өзбекстанда 380 тажик тилдүү мектеп иштесе, акыркы 25 жылдын ичинде алардын саны кыйла кыскарып кеткен.

Жыл башында Өзбекстанда жашаган тажик улутундагы жарандар эки өлкөнүн президенттерине ачык кат жазышып, тажик тилдүү мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигине байланышкан маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн. Беш айылдын 100дөн ашык тургуну кол койгон катта мугалимдер жетишпегендиктен өлкөдөгү тажик тилдүү мектептер жабылып калышып мүмкүндүгү белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: