Menu

Казакстанда «саясий туткундардын» тизмеси жаңыланды

Бөлүшүү:

14-апрелде «Ар.Рух.Хак» укук коргоо уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина Казакстандагы «саясий туткундардын» жаңыланган тизмесин жарыялады.

Тизме эл аралык Amnesty International жана Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы уюмдарынын критерийлеринин негизинде жергиликтүү укук коргоочулардын эксперттик кеңеши тарабынан 4-апрелде кабыл алынган.

Ага 2016-жылы соттолгон укук коргоочулар Макс Бокаев менен Талгат Аян, 2017-жылы соттолгон кесиптик кошуун лидерлери Амин Елеусинов менен Нурбек Кушакбаев, укук коргоочулар Махамбет Абжан, Санат Букенов жана бир канча журналисттер кирген.

Жаңыланган тизмеде буга чейин жергиликтүү укук коргоочулар тарабынан саясий туткун деп табылган акын жана диссидент Арон Атабектин (18 жылга соттолгон), «Казатомпром» компаниясынын мурдагы президенти Мухтар Жакишевдин (2009-жылы 14 жылга кесилген), укук коргоочу Вадим Курамшиндин (2012-жылы 12 жылга соттолгон) дагы ысымдары бар.

Эксперттик кеңешмеге катышкан укук коргоочу Амангелды Шорманбаев саясий туткундардын тизмесин түзүүдө эл аралык укук коргоо уюмдарынын критерийлери эске алынганын ырастады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: