Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчыларын дайындоо өтө маанилүү. Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга карты күрөшүүдөгү иштери мына ушул аты аталган мекемелердин жетекчилеринен көз каранды. Ошол себептүү, жети өлчөп, бир кесип, татыктуу адамдарды дайындоо зарыл болуп турат. Учурда аталган кызматтардын башчыларына бир топ фамилиялар айтылып жатат. Коомчулук да кулак түрүп, чыдамсыздык менен күтүп отурган кези. Угушубузга Караганда Башкы прокурорлукка СДПКдан депутат Канат Керезбековдун талапкерлиги каралып жатыптыр. Ал эми бул кишини эл кандай кабыл алат белгисиз…
Булак: “Ачык Саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ