Трансулуттук эки кылмыш тобу Казакстанда катталган 85 компания аркылуу Кытайдан Казакстанга мыйзамсыз адам киргизүү жолун уюштуруп турган деп маалымдады парламент межилисинин спикер орун басары Владимир Божко.
Анын айтымында, мындан тышкары Бангладеш менен Ооганстан жарандары дагы Казакстан аймагы аркылуу Европага өтүп кетүүгө аракет жасашууда.
“Ооганстандын 49 жараны этникалык казак болбосо да, кайрылман макамын алгысы келген. Айрым фирма жана жарандардын мыйзамсыз миграция уюштуруу аракетин жана миграциялык режимди бузгандардын өзүн чет өлкөгө чыгарбай, Казакстан аймагында аныктоо керек. Учурда алардын көбү издөөдө жүрөт”,- деди Божко.
Казакстан вице-спикери эреже бузгандарды мажбурлап өлкөдөн чыгаруу тартибин иреттей турган мыйзамдын кемчиликтерине токтолду. “Бул миграциялык полиция кызматкерлерин туңгуюкка кептейт, мыйзам бузган чет элдиктин өлкөбүздө айлап жүрө беришине мүмкүнчүлүк түзөт” деп кошумчалады ал.
Казакстан ички иштер министи Калмуханбет Касымовдун билдиришинче, расмий маалыматтар боюнча акыркы үч жылда өлкөгө 5,6 миллион чет өлкөлүк жаран келген.
Казакстандан чыгып кеткендердин саны дагы соңку төрт жылдан бери өсүүдө. Былтыр өлкөгө келгендерге караганда кеткендердин саны эки жарым эсеге көп болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ