Menu

Сапар Исаков Ош базарындагы өрт кырсыгынан жабыркаган ишкерлер менен жолугушту

Бөлүшүү:

Сапар Исаков, бүгүн 16-апрелде, Бишкек шаарындагы «Ош базары» соода-рынок комплексинин аймагында 2018-жылдын 13-апрелинде орун алган өрт кырсыгынын натыйжасында жабыркаган ишкерлер менен жолугушту.

Өкмөт башчы соодагерлерге колдоо сөздөрүн билдирип, кырсык орун алган соң, дароо өрт кесепетинен түшкөн зыяндын көлөмүн баалоо боюнча Комиссия түзүлгөндүгүн маалымдады.

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө Комиссия тарабынан жабыркаган ишкерлердин тизмеси түзүлүп жатат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жабыркаган ишкерлерден документ кабыл алууну уюштуруусу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына салыктык карыздарды төлөө мөөнөтүн узартуусу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна үстүбүздөгү жылдын 14-апрелине карата камсыздоо төлөмдөрү жана финасылык санкциялар боюнча төлөм мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу тапшырылды.

Ошондой эле Сапар Исаковдун айтымында, өлкөнүн коммерциялык банктары менен жабыркаган ишкерлердин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо тууралуу тийиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Өкмөт башчы аталган иш боюнча иликтөөнүн жүрүшү анын жеке көзөмөлүндө болоорун баса белгиледи. Премьер-министр билдиргендей, рынок ээлери менен ишкерлер үчүн бардык талаптарды эске алуу менен жаңы имаратты тез арада куруп баштоо боюнча тийиштүү иштер өткөрүлөт.

Буга катар ал базар ээлери менен биргеликте ишкерлерге арендалык төлөмдү убактылуу төмөндөтүү иретинде жеңилдиктерди берүү маселеси иштелип чыгаарын билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясына базар ээлери менн тийиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

Жолугушуунун ужүрүшүндө Сапар Исаков өкмөттүк түзүмдөр тараптан көйгөйлөрдү тез арада чечүү жана жабыркаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн максималдуу күч-аракеттер жумшалаарын дагы бир ирет белгиледи.

Премьер-министр өлкөнүн мамлекеттик органдарына бир катар тийиштүү тапшырмаларды берип, соодагерлерди жакынкы арада дагы бир ирет жолугушууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: