Menu

Таттыбүбүнүн агасы Нуркан Турсунбаевдин сабалышына Асылбек Өзүбековдун тиешеси жок?

Бөлүшүү:

-Жыпаргүл эже, окуянын чоо жайын баяндап өтсөңүз?

-11-апрелде Кыргыз улутгук драма театрында Саид Ахмеддин калемине таандык «Күйөө бала» спектакли коюлуп, башкы каармандын ролун Нуркан Турсунбаев ойномок. Репитиция убагына бир аз кечигип, шашып кирип бара жаткан Нуркан, театрдын кире беришинде үч келинди жолуктурат. Бири Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат туризм министрлигинин үстүнөн көзөмөлдөө кеңешинин төрайымы Арстанбекова Бүбүайша Кулуевна Нурканга үнүн өктөм чыгарып, оозго алгыс сөздөр менен тилдей баштаганда, Нуркан кол шилтеп басып кетет. Оюнун баары спектакль болуп турган эле. Саат төрт жарым чамасында машинеден формаларды алганы чыкса, баягы үч келин күтүп олтурган экен. Маани бербей чыгып кетет. Сыртка чыкканда «Нуркан агай, токтосоңуз, мен Бүбүайшанын эжеси болом» – деп бирөө токтотот. Бир маалда Бүбүайша колундагы сумкасы менен башына уруп кирген. Нуркан колу менен башын мыкчып кармаганда, бетин, мойнун тытып, колундагы сумкасы менен уруп баштаган. Сумкасында оор элемент болгон. Драм театрдын студенти чуркап келип агайын коргогон. Өкүнүчтүүсү, күбөлөр өз ойлорун ачык айтпай жатышат. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келгенде баягы Арстанбекова Бүбүайша, Асылбек Өзүбековду күтүп жатканын айтып, сыр бербей күлүп олтуруп калган. Асылбек мырзаны көргөндө жайдары учурашып, «Асылбек, биз сени күтүп олтурабыз» деген.

-Арстанбекова Бүбүайша Нуркан Турсунбаевди ур-тепкиге алышына эмне алышына эмне себеп болгон?

-Түгөлбай Казаков Маданият маалымат туризм министри болуп турган мезгилде Бүбүайша Кулуевнага, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишкер» деген наам берилген. Арстанбекова Бүбүайша Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттнин 1980-жылы филология факультетинде окуп, 1985-жылы аяктаганы жалган экени тастыкталган. КУУнун дипломун негиз кылып, Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты деп алган диплому автоматтык түрдө жараксыз деп эсептелген. Жалган дипломдун негизинде үч сыйлык алып отурат. Эки жолу президенттин Ардак грамотасын жана «Эмгек сиңирген ишмер наамын» алган. Артанбекова Бүбүайшага жалган документ жасоо жана көз боёмочулук беренеси менен кылмыш иши козголгон. Техникалык экспертизанын чыгарган жыйынтыгы менен Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө кылмыш иши токтотулуп, Ленин райондук прокуратурага сунушталды. Маданият жана маалымат туризм министрлигине бир жарым жыл кат менен кайрылып, арыз жазып жүрүп, чындыкты далилдедим. Азыр менин колумда документ менен факты бар. Биз бул чындыкты ачыкка чыгарганыбыз үчүн Нуркан агайыңарды токмоктоп кетишти.

-Бул окуяга Асылбек Өзүбековдун тиешеси барбы? Дегеним, Бүбүайша Кулуевна Асылбек Өзүбековго келгенин айткан экен.

-Кечээ күнү Асылбек Өзүбеков тарабынан вахта олтурган бөлүмүнүн айнегине кара клеёнка чапталган. Үч келин үч сааттан ашуун убакыт театрдын фаесинде олтурган. Ким уруксаат берген? Репитиция учурунда «Нурлан Турсунбаев, сизди сырта чакырып жатат» – деп киргендер сөзүн танып жатышат. «Бизди Асылбек Өзүбеков чакырган» – деп жатышат, андай болсо Асылбек мырза өз бөлмөсүнө киргизбейт беле? Бул жерде Асылбек Өзүбеков да күнөөлүү. Маданият тармагында 65 жыл кызмат кьшган улуу аксакалды ур-тепкиге алганын көрүп туруп, Арстанбекова Бүбүайша менен кыткылыктап күлүп, сүйлөшүп турат. Милиция кызматкерлери менен Нуркан Өзүбековдун иш бөлмөсүнө кирип бара жатса, «баргыла, чыккыла» дейт. Асьшбек Өзүбеков жетекчиби, өзү ким? Жетекчиликке кызматка келүү үчүн кеминде 5 жыл жетекчи болуп иштөө керек. Бирок Асылбек мырза тамада, ырчы, актёр болуп өз чөнтөгү үчүн иштеген. Уялбай «Нуркан байкемдин абалы жакшы, спектаклге катыша берсин» дегенде күйбөгөн жерим кул болду.

– Бүбүайша Арстанбековага наамды ким берген?

-Мунун баары Түгөлбай Казаковдун жасап кеткен акмакчылыгынын жеткен чети! Ошол маалда Бүбүайша Кулуевага «Маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын берген. Келинчегине «Маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын берген. Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиевди «Эл баатыры» наамына көрсөткөн. Жумагүл Жумалиева театрда катардагы эле актриса болгонуна карабай, «Эл артиста» наамын тымызын алып берген. Жолдошу сойкукана иштеткен Самара Каримовага «Эмгек сиңирген» наамын берген. Анын артында эмне жатканын айтпаса да белгилүү. Түгөлбай Токтогулович министр болуп турганда устуканды каалаганына сунул, наамдар той ашта көйнөк, калпак тараткандай эле болгон. Баса, Кыргыз улуттук драм театрды Кыргызбай Осмонов жетектеп турганда Нуркан Турсунбаевге «Эл артисти» наамы берилет» – деп калганда Кыргызбай мырза өзүн сунуштап, наам алган. Учурда Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмонов 320 миң сомду 9 саатта кулкунуна куюп койгон. Иш прокуратурага өткөнү менен каралган жок. Мышык-чычкан ойноткон прокуратура ишта ачып, кайра жабып ойнотту. Экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматтын башчысы Осмонов Замирбек Бабакуловичтан айынан иш каралбай калган. Айлам кеткенде, ишта прокуратурага кароосун өтүндүм.

-Демек, Маданият маалымат туризм министрлигинин үстүнөн көзөмөлдөө кеңешинин кереги жок тура?

-Коомдук кеңеш бакан ооз, бекерпоз эмес, репутациясы таза, иши так болуусу абзел. Арстанбекова Бүбүайша сымал Бакиевдин убагында «ак жоолукчан айым-дар» -деп, Бакиевдин чачпагын көтөргөн, «пикетчилер» маданиятты жетектейби? Бүбүайша Кулуевна кандидаттыгын койгондо коррупцияга каршы бөлүмгө барып, жетекчинин колуна такталган маалыматгы берип кеткем. Бирок жыйынтык жок. Президенттик администрация эксперта Кутманов Алтынбек жана Мамлекеттик сыйлыктар боюнча жооптуу катчы Сманбаева Жылдызга бир жылдан бери факты менен көрсөттүм. Алар да бул ишке маани берген жок.

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: