Menu

Түркмөнстанда 30 жашка чейинки эркектердин чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынды

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда отузга толо элек эркектер мындан ары чет өлкөгө чыгарылбайт. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматына Дашөгүз облусунун тургуну билдирген.

Өз булак кабарлагандай, бул чара жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кабыл алынган.

“Чет өлкөгө чыкканы жаткан 27 жаштагы таанышымды миграциялык кызматтын облустук бөлүмүнө чакырышып, билетин алып коюшкан. Ага 30га толо элек эркектердин өлкө тышына чыгуусуна тыюу салган буйрук бар экенин айтышкан”, – деди ал.

Маалыматтарга караганда, бир нече жигитке билеттин акчасын кайтарып беришкен.

Түркмөнстанда соңку айлардан бери чет өлкөгө, биринчи кезекте Түркияга чыгууда тоскоолдуктар жаралууда. Мындан тышкары түркмөн бийлиги башка өлкөдө иштеп жүргөн мигранттарды, студенттери кайра кайтаруу чараларын көрүп жатканы дагы айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: