Menu

Эмомали Рахмон: Тажикстан саясаты “кош стандарттуу” эмес

Бөлүшүү:

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Экономикалык Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 23-жыйынынын алкагында Иран ТИМ башчысы Мухаммад Жавад Зариф менен жолукту. 16-17-апрелге белгиленген жыйын Душанбеде өтүүдө.

Жолугушуу учурунда Эмомали Рахмон менен Жавад Зариф экономика, соода, энергетика, танспорт, өнөр жай, айыл чарба жана маданий-гуманитардык байланыштар боюнча буга чейин кабыл алынган келишимдердин аткарылышын талкуулашты.

Тажик президентинин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, маек учурунда коопсуздук тармагына өзгөчө көңүл бурулду. Эмомали Рахмон Тажикстандын бул багыттагы тышкы саясаты “кош стандарттуу” эмес экенин, ачык-айкын иш жүргүзүшөрүн баса белгиледи. Анын айтымында, терроризм, экстремизм жана диний радикализм менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Тили тектеш эки өлкөнүн алакасы баштан бери эле өтө мыкты деңгээлде өнүгүп кетпесе да, акыркы беш жылда мурда болуп көрбөгөндөй солгундаган.

2013-жылы Иран жергиликтүү миллиардер Бабак Занжанини кармап, аны мунайды сатуудан түшкөн акчаларды Тажикстандын банктары аркылуу кымырып алган деп айыптаган. Тажик тарап Иран көрсөткөн документтерди жалган деп мүнөздөгөн.

2015-жылы болсо Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясынын бозгундагы лидери Мухиддин Кабиринин Тегерандагы эл аралык жыйынга чакырылышы эки өлкөнүн алакасын ого бетер начарлаткан. Мындан көп өтпөй расмий Дүйшөмбү иран товарларын алып кирүүгө чектөө киргизген, ирандык бир катар чакан жана орто фирмалар жабылган.

2017-жылы Тажикстандын бардык мамлекеттик телеканалдарында Иран тууралуу чуулгандуу документалдык тасма көрсөтүлгөн. Анда 1990-жылдары жарандык согуш маалында Иран террорчуларды каржылаганы айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: