Казакстан тышкы иштер министринин орун басары Мухтар Тлеуберди Кытайда камалган жарандар боюнча комментарий берди.
Вице-министрдин айтымында, Казакстанда кайрылман макамын алган этникалык казактар Кытайга барган учурда кармалып, кайра чек арадан чыгарылган эмес. Ал эки өлкө бийлиги сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын билдирди.
«Алар туруктуу каттоодон чыкпай, кошумча социалдык төлөмдөрдү алып турушканы үчүн камалышкан. Жергиликтүү бийлик буга тыюу салат», — деди Тлеуберди.
Ал 17-апрелде Кытайдын Үрүмчү шаарына барып, бул маселени казак диаспорасы менен талкуулай турганын кошумчалады.
Кытайда этникалык казактарды куугунтуктоо жана камоо жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар 2017-жылдын апрель айынан тарта тарай баштаган. Синьцзян-Уйгур автономдуу облусунда кармалгандардын арасында тарыхый мекенине кайтып, казак жарандыгын алгандар да бар.
Өткөн айда кайрылмандар камактагы туугандарын бошотуу үчүн Кытай бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча Алматы акимчилигине кайрылышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ