Menu

Видео – Ереван: каршылыктарга карабай Саргсян премьер-министрликке көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Еревандагы толкундоолорго карабай бүгүн Армения парламентинин эки фракциясы – Республикалык фракция жана Армян революциясынын федерациясы (Дашнакцутюн) бир добуштан мурдагы президент Серж Саргсяндын талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттү. Парламентте добуш бүгүн,17-апрелде болору күтүлүүдө.

Экс-президенттин бийликке кайра келишине каршы чыккан миңдеген армяндар төрт күндөн бери баш калаада нааразылык акциясын улантышууда. Дүйшөмбүдө алар жолдорду, метролордун кире беришин жана айрым көпүрөлөрдү торошту.

Ал эми айрымдары парламент имаратын курчаган тикенек торду жырып өтүп, кирүүгө аракет кылышканда полиция менен кагылышып, жаракат алышты. Алардын арасында демонстрациянын уюштуруучусу, оппозициячыл депутат Никола Пашинян да бар. Ал колун оорутуп алганына карабастан күрөштү токтотпостугун билдирди.

– Арменияда буга чейин болуп көрбөгөндөй окуя болуп жатат. Бир эле адам үчүнчү жолу өлкө башына келүүнү каалап жатат. Биз буга жол бербешибиз керек, – деди Пашинян. 2015-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, өлкө парламенттик башкарууга өтүп, премьер-министрдин бийлиги күчөтүлүп, өлкөдөгү биринчи кишиге айланган.

Арменияны он жыл башкарган Серж Саргсян мөөнөтү бүткөндө президент да, премьер да болбойм деген. Бирок убадасынан тайып, орусиялык “Известия” басылмасына берген акыркы маегинде премьерликти көздөп турганын бышыктады.

https://www.youtube.com/watch?v=dtwnHLHyyE8&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: