Menu

Роскомнадзор Amazon компаниясынын миллиондогон IP-адресин жапты

Бөлүшүү:

Роскомнадзор америкалык Amazon компаниясынын эки миллионго жакын IP-адресине бөгөт койду. Буга чейин Телеграм мессенжери тыюу салууларды жазгыруу үчүн Amazon сервисин колдоно баштаган.

Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун активисти Владислав Здольников билдиргендей, формалдуу түрдө Amazon IP-адрестерин чектөө менен Телеграм мессенжерин жабуу боюнча соттун чечиминин түз байланышы жок. Бул бүтүмдү Орусия Башкы прокуратурасы кабыл алган. Буга чейин Роскомнадзор Amazon, Google жана Telegram мессенжеринин бир нече доменин тыюу салынган сайттардын тизмесине киргизген.

Дүйшөбүдө Орусияда соттун чечими менен Телеграмга кирүүгө бөгөт коюла баштаган. Мессенжердин негиздөөчүсү Павел Дуров “орусиялыктардын купуя кат алышуу укугу” үчүн күрөшөрүн билдирген. Анын айтымында, Телеграм жабылса, Орусиядагы улуттук коопсуздуктун деңгээли төмөндөйт.

Amazon америкалык компаниясы товар жана кызматтарды Интернет аркылуу саткан ири сервис болуп эсептелет. Компаниянын АКШдан башка Бразилия, Канада, Улуу Британия, Германия, Жапония, Франция, Италия, Испания, Индия жана Китайда филиалдары бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: