Menu

Ногойдун күмбөзү XIX кылымдагы кыргыз архитектурасынын үлгүлөрүнөн

Бөлүшүү:

Эми Ногой баатырдын күмбөзүнө дагы кеңири токтолуп жатып, «История Киргизской ССР», (том 1, ред.совет Карыпкулов А.К., Кыргызстан, 1984) 608-610-беттериндеги18-19-кылымдардагы кыргыз архитектурасы, анын ичинде Ногойдун күмбөзү карта менен белгиленип, кыргызстандагы мыкты күмбөздөрдөн болгонун үлгү катары көрсөткөнүнө эске ала кетпесек болбойт. «Бул кылымдарда кыргыздардын курулуштары кокондуктардын басып алышы менен байланыштуу болгон. Алар кирген жерине өздөрүн күчтөндүрүү үчүн күчтүү коргонууларды, кокондуктардын тилинде «кала» же курган (коргондор, чептерди) салышкан. Бул курулуш 20-30-жылдары өзгөчө өскөн, кокондуктардын акыркы чептери 1860-70-жылдары курулган. Алар кокон хандыгынын чек араларына, соода түйүндөрүнө, стратегиялык жайларга орнотулган, алар негизинен чек араларын коргоо жана кыргыздарга үстөмдүк кылуу багытында болгон. Кыргыздардын аймагындагы эң күчтүү фортификациялык курулуш Пишпек чеби болгон. Чеп соода-кербендердин, мал айдоочу жолдордун кесилишинде жайгашып, Кыргызстандын ири соода борбору болгон. Айтылгандай кокондуктардын чептеринен сырткары кыргыздардын өздөрүнүн коргондору да болгон. Алар кокондуктардын жана кыргыз манаптарынын таасиринде курулган. Мындай курулунгтардын бири Талас өрөөнүндө -Нурек Аджибековго тийиштүү болгон. 1843-жылы колдун манабы Боромбой Кызыл-Үңкүрдө Жууку суусунун жээгинде
курган. Пишпеке жакын жайгашкан манап Байтиктин, Кетмен-Төбөдө манап Рыскулбек Чоң-Коргонун, Санташта Орион Хан коргондорун салышкан. Кокон чептериндеги археологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, кыргызстанда Кокон колонизациясына чейин эле кыргыздардын өздөрүнүн чептери болгон, бирок алар абдан аз эле.

XVI-XIX – кылымдардагы кыргыздардын архитектуралык курулуштары белгилүү байлардын, манаптардын күмбөздөрүндө коюлган эстеликтери аркылуу көрүнгөн. Алардын негизги бөлүгү 18-кылымдын экинчи жарымында курулган, айрымдары 14-кылымдарда (Бухармеддин, Оштогу Сулаймандын мазары) тургузулган.

Генезиси байыркы жана орто кылымдардагы көчмөндөрдүн аза күтүү курулуштары менен байланышкан эң жөнөкөй, кеңири тараган мөрзөлөрдүн группасы болгон. Алар анча чоң эмес топурактан, тик бурчтуу таштан дөбөчө кылынып курулган мүрзөлөр эле. Алардын катарында салт боюнча тигинен пирамидалуу же тепкичтүү дөбөчө кылып, катардагы көчмөндүн мүрзөсү коюлган. Бул типтеги көмбөздөрдүн жөнөкөй жана арзан материалдарынан салынганына Караганда карапайым адамдарга таандык болгон.

Кийинки типтеги кабырдын үстүндөгү күмбөздөр томпогой квадрат же тегерек болгон. Куполдор тегеретилип кыштар менен тизилген. Эшик анча чоң эмес кире бериши менен маңдайы көтөрмөлөнүп жасалган. Мындай мүрзөлөр күмбөз аталган. Кийинчерээк күмбөздөр ортодогу кире бериши бир канча тепкичтер менен
көтөрүлүп бурчтарында мунаралары бар торт бурчтуу тосмолор менен салынган. Мындай конструкцияда XIX-кылымда Чоң-Кеминде Ниязбектин күмбөзү болгон.

1860-жылы бул күмбөзгө Венюков. М.И. токтоп, мындай жазган: «Кара кыргыздар оз жериндеги мурунку айрым элдердин эстеликтерин ардакташат… Өз аталарынын эстеликтерин дагы бийик баалашат… Ата-бабаларынын кабырларынын таш дубалдуу мазар кылып, ардакташат».

Күмбөздөрдү курууда бышкан кирпич кошуп, саман аралаштырылып тоголоктошкон топурак менен дубалды согуп, толтуруп блоктук ыкманы колдонушкан. Дубалдарда туурасынан кеткен бириктирүүнү жана куполдун негизин жана эшик, терезенин тешиктеринин үстүнө арча, карагайдын устундарын колдонгон. Куполдун ички бетин кээде сэры топурактын ылайы менен шыбап, кээде орнамент же сүрөт (жанровый сценки) түшүрүшкөн.

КҮМБӨЗДӨ АТ ҮСТҮНДӨ НОГОЙ,

БАЛАСЫ ЧОҢ КАРАЧ ЖАНА БАШКА

ҮЙ-БҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮ ТҮШҮРҮЛГӨН

Мындай курулуштарга 1842-жылы Жыргалаң менен Түптүн суусунун аралыгында тургузулган Ногой баатырдын күмбөзү кирет. Бул купола сыяктуу томпогой күмбөз бийик эмес кирпич дубал менен курчалып, бурчтарында колонналары тургузулган. Купол кирпинти айдантып коюу менен жаткырылган. Эшиктин тешиги бийик дубалда жасалып, үстүнкү кыры тиштүү таажыдай чыгып турган. Эшиктин үстүндө торчолонуп жабылган терезе тургузулган.

Сырткы дубалы акталган, ички бети чыгыш стилиндеги сүрөттөр менен капталган. Куполго өзгөчө орой фреска менен сүрөт тартылган. Күмбөздө ат үстүндө Ногой, баласы Чоң Карач жана башка үй-бүлө мүчөлөрү түшүрүлгөн”, – деп жазылган.

Эл оозунда болсо Ногойдун күмбөзү салынаарда, бир вариантта мин эчки делсе, дагы бир вариантта терт жүз эчки союлуп анын жүнү ылайга кошулуп, майы эритилип топуракка аралаштырып ылай жасашып, кыштарды коюууда, ж.б. пайдаланышкан. Мындай жасалган ылай абдан бышык болгон. Чынында, аталган “История Киригизской ССР”, “Идуүие к вершинам”, “Балбай”романы, Валиханов. Ч. Семенов Тянь-Шаньскийдин жазгандарында Ногойдун күмбөзүнө өзгөчө көп токтолуп, жазышкан. Аны сүрөткө тартылып алынганы да айтылат, бирок анын так сүрөтү аныктала элек. “Кыргыз ССРинин тарых” китебинде сүрөттөлгөнүнө Караганда, сүрөттө көрсөтүлгөн күмбөздөрдүн бири болушу да ажеп эмес. (Ал күмбөздөр тиби 18-кылымга таандык).

П.П. Семенов Тянь-Шанский 1857-жылы Ногойдун күмбөзүнө келип, кызыл, боз кирпичтердин арасынан өзгөчө бышык, бекем жана чеберчилик менен сырдалган кооз кирпичтерди көргөн. Ал байыркы имараттардын урандыларынан алынганы билинет. Ошол учурларда Ысык-Көлдүн түбүнөн чыккан орто кылымдагы бекем кирпичтерди кыргыздар мазарларды, күмбөздөрдү салууда кеңири колдонууну практикалап келишкен. Дал ушул Ногойдун күмбөзү Чокан Валихановго 1856 жылы Ыссык-Көл ьоюнча күндөлүгүндө: Эгер кыргыздарда өзүнүн көркөм өнөрү, архитектурасы бар болсо, аны шексиз – монументалдык жана күмбөздөрдүн архитектурасы менен айгинелейт” деп жазуусуна түрткү болгон. Эрнис Турсуновдун “Балбай” романында дагы кыргыз күмбөздөрүнө токтолоордо Ногойдун күмбөзүн үлгү кылган: «Чоң Карачтын атасы Ногой баатырдын күмбөзү архитектуралык жактан чыгыш тибинде корком салынган. Күмбөздүн ички бетине турмуш-тиричилик буюмдары: коокор, ээр, саадак, жаа, жебе, кылыч, найза, айбалта сыяктуу куралдар оймолонуп, майдан окуялары тартылган. Күмбөз, купасы жана мунарасы бар чакан храм сыяктуу. Купанын астьщкы бетинде фреска: алдында ат минип, найза сундуруп бараткан Ногой баатыр, артында анын уулу Чоц Карач, андан ары алардын укум-тукумдары, жүк арткан төөлөрдүн сүрөтү. Бул албетте, “өлгөн кишинин бейитине, арбактын үстүнө күмбөз тургузбагыла, айбандын жана адамдын сүрөттөрүн тартпагыла” деп ислам дининин тыйганына карабастан, кийинки муундар үчүн эң сонун тарыхый эстелик. Фигуралардын арасындагы укмуштуу дарактар менен кереметтүү гүлдөр адамды өзүнө тартат. Ысык-Көлдүн толкуну сүрүп чыгарган, жээктеги суулардын түбүнөн алынган бир кездеги тургундардын калдыктарынан калган, суу жылмалап таш кылып салган көгүлтүр, кызгылтым кыштар, зумуруттар, лагылдар коз жоосун алып, күмбөздүн көркүн чыгарып турат…”.

(уландысы бар)

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: