Menu

Душанбе терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмесин кайрадан карап чыкты

Бөлүшүү:

Тажикстандын Улуттук банкы терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмесин кайрадан карап чыкты. Жаңыланган тизмеде айрым жарандар «экстремисттик ишмердүүлүккө шектүү» катары көрсөтүлгөн.

Алгач мартта түзүлгөн «кара тизмеде» 1300 тажикстандык болгон. Улуттук банктын сайтына жарыяланган жаңыланган тизмеге 1234 жаран киргизилип, дагы 122си эксремисттик ишмердүүлүккө шектүү катары көрсөтүлгөн. Ошондой эле мурдагы тизмеден 16 тажикстандыктын аты-жөнү чыгарылган.

«Кара тизмедеги» адамдардын көбү бийликтин дарегине сын айткандыгы үчүн бул тизмеге кирип калгандыктарын билдирип келишет.
Мурдараак ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Асловго кат жолдоп, терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмесинен журналисттерди чыгарууну өтүнгөн. Анын билдиришинче, тажик бийлиги тизмедеги журналисттердин мыйзамга каршы аракеттерге баргандыгын далилдеген эмес. Бирок 28-мартта жолдонгон катка Душанбе дале эч кандай жооп бере элек.

Тизмеге ошондой эле Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабири жана анын үй-бүлө мүчөлөрү киргизилген.

Тажикстан бийлиги 2015-жылдын сентябрындагы «куралдуу козголоң» үчүн жоопкерчиликти Ислам кайра жаралуу партиясына жүктөп, партияны мамлекеттик төңкөрүш аракетин каржылоого айыптаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: