Москва полициясы адам уурдоо шеги менен 20-26 жаштагы өзбек жарандары кармалганын маалымдады. Алар өз мекендештерин уурдап, туугандарынан 15 минден 600 миң рублга чейинки акча талап кылып турушкан.
Москванын Троицкий жана Новомосковский административдик аймактарынан бир аял менен үч эркектин уурдалганы тууралуу маалыматты полицияга алардын туугандары кабарлаган.
24 мартта полицияга Захиржон деген киши кайрылып, аялы дүкөнгө кетип, дайынсыз жоголгонун билдирген. Жубайы күйөөсүнө чалып, аны барымтага алгандар 50 миң рубль акча талап кылып жатышканын айткан. Кийинки күнү Захиржон бул сумманы 15 миң рублга чейин түшүргөн, андан соң полицияга кабар берген.
Уурдалган өзбек жараны Москвадагы батирлердин биринде табылган. Кылмышкерлер барымтадагы аялды кайтартуу үчүн тажик жаранын жалдашкан. Калган өзбекстандыктарды бошотуу үчүн полиция атайын план иштеп чыккан. Кармалгандардын жанынан пистолет жана граната табылган. Кийинчерээк курал-жарактардын муляж экенин аныкталган.
Орусия Тергөө комитети билдиргендей, кылмышкерлер айрым учурда 600 миң рублга чейин акча талап кылып турушкан. Полиция кармалгандар 20 жана 24 жаштагы Өзбекстан жана 22 жаштагы Тажикстан жарандары экенин маалымдады.
Учурда “Опузалоо” жана “Адам уурдоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ