Menu

Өзбекстанда ар бир согуш ардагерине 5 млн сум жана бекер жолдомо берилет

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун ар бир катышуучусуна 5 миллион сум (618 доллар) өлчөмүндөгү бир жолку сыйакы берилет. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Мындай чечим фашизмге каршы күрөштөгү жеңиштин 73 жылдыгын белгилөөгө жана Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларынын материалдык абалын жакшыртуу максатында кабыл алынды.

Президент тиешелүү мекемелерге көрсөтүлгөн сыйакыны Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына салтанаттуу түрдө майрамдык шаң менен тапшырууну буюрду. Андан тышкары жалгыз жана жакыр жашаган согуш ардагерлеринин турак-жайларын оңдоп-түзөө боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Жергиликтүү басылмалар кабарлашкандай, бир жолку акчалай сыйлыктан тышкары ардагерлерге мурда согушта болгон жерлерге барып келүү үчүн бекер жолдомо берилет.

Былтыр Өзбекстанда бардык ардагерлерге 2 миллион сумдан акча берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: