Menu

Тогуз-Тородогу башаламандыкка байланыштуу 15 адам кармалды

Бөлүшүү:

Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15 адам кармалды. Бул тууралуу Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинин төрагасы Уланбек Шерипов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, кармалган адамдардын арасында үч аял бар. Шерипов ошондой эле учурда элди тынчтыкка үндөө үчүн райондун борборуна баратканын, милицияга нааразылык билдиргендерди басууга аракет кылып жатканын ачык айтты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов болсо кенге байланыштуу чатакка тиешеси бар делген 130дан ашык киши суракка алынганын, алардын он чактысы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилгенин ырастады. Ал кармалган адамдардын так санын, кимдер экенин, жашын жана жынысын кийинчерээк тактап берерин айтты. Сеитов ошондой эле айыбы угузулгандан кийин гана кармалды делген адамдардын саны так болорун кошумчалады.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда “Жи Эл Макмал девелопинг” компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгышкан. Ички иштер министрлиги акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиция кызматкери жабыркаганы маалымдалган.

Факт боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (“Ээнбаштык”) жана 174-беренеси (“Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу”) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: