КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясына кетчү Чыңгыз Айтматов сыйлыгына тийиштүү 30 000 доллардын желип кетиши боюнча кьшмыш иши козголуп вице-премьер министр кызматынан кеткен Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев «ооруп калды». Учурда Улуттук кардиология бөлүмүндө дарыланууда. Ошондой эле Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен 386 млн доллардын максатсыз сарпталып, желип кеткени боюнча суралып жаткан «Улуттук Энергохолдингдин» төрагасы Айбек Калиев дагы «срочно» ооруп больницага жатып алды. Сыягы, бул экое буга чейинки «коррупционерлер» колдонгон ыкманы колдонуп, камалбай калуунун амалын көрүп жатат окшойт. Болбосо, куландан соо туруп, ичип-жегени билинип, кьшмыш иши козголуп камалат болуп калганда «срочно» ооруп калышпайт эле. Бирок кандай амал кьшышпасын, мыйзам алдында жооп берип, кусушу керек.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ