Menu

Назарбаев менен Путин Сириядагы абалды талкуулады

Бөлүшүү:

17-апрелде Казакстан жана Орусия президенттери Нурсултан Назарбаев менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, Сирия жаңжалынын айланасындагы абалды талкуулашты. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

«Орусия тараптын демилгеси менен ишке ашкан сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташтыкты, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартиптеги маселелерди, анын ичинде Сириядагы абалды талкуулашты», — деп жазды Акордонун сайты.

Сүйлөшүү тууралуу толук маалымат азырынча бериле элек. Бирок ал Москва менен Астананын ортосун кара мышык аралап кеткендиги тууралуу Орусиянын мамлекеттик телеканалында айтылган билдирүүлөргө карата казак ТИМи жооп берген учурга туш келди. «Казакстан менен Орусиянын ортосун кара мышык аралап кеттиби же кийинки Майдан Казакстанды Орусиядан ажыратыш үчүн Казакстанга багытталат деп күтсөк болобу?»,- деген жекшембиде «Россия» телеканалынын алып баруучусу Владимир Соловьев.

Казакстан ТИМи буга жооп катары «расмий билдирүүлөрдү» гана угууга чакырган. Өлкөнүн маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев болсо Владимир Соловьевдун ким экенин билбей турганын айткан.

14-апрелде АКШ жана анын өнөктөштөрү Сириядагы химиялык объектилер делген жайларга ракеталык соккуларды жасашкан. Андан соң Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешине АКШнын бул аракетин айыптаган резолюция сунуштап, бирок ал кабыл алынган эмес. Анда Казакстан Орусиянын резолюциясын колдобостон, калыстыгын билдирип добуш берген эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: