Menu

Каракол электр тармагындагы “Бардак” жана анын зөөкүрлөнгөн жетекчилери

Бөлүшүү:

Каракол РЭТиндеги «бардак»

Каракол шаарынын Чкалов көчөсүндө Каракол РЭТи (райондук электр тармактары же РЭС) жайгашкан. Бул ири мекеме элди электр жа-рыгы менен тейлеп, калктан электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү кабыл алат. Ушундай иш жүрүп жаткан элдүү жерде, анын үстүнө көпчүлүк элди тейлөөдө кемчилик кетпей койбойт дечи. Бирок Каракол РЭТиндегидей «бардакты» башка жактан оңой менен кезиктире албайсың. РЭТтеги кызматкерлер тартибинде, адебинде, кардарларга мамиле жасоодо өзгөчө жоопкерчиликти сезиш керек эле. Тилекке карты, кардарларды тийипггүү деңгээлде тейлөөнүн ордуна, суроо-талаптар менен келген кардарларга, жарандарга итиреңдеп кол салуудан да кайра тартпаган жетекчи сөрөйлөр, ошондой эле алардан «үлгү» алган кыздар-кызматкерлер дагы жок эмес. Жетекчиси кандай болсо, кызматкерлер да ошондой болот окшойт. Кеп Каракол РЭТинин жетекчиси Асанбаев Алмазбек Кулмурзаевич жана Каракол РЭТинин жетекчисинин орун басары, Акбагышев Алмаз Кудайбергеновичтер, ошондой эле кардарларды тейлөө борборундан оройлук, атырылган башкы инспекторлор тууралуу болмокчу.

10-апрелде электр жарыгына убагында төлөбөгөндөр үчүн Караколдо адаттагыдай өчүрүү «кампаниясы» болду же элдин тили менен айтканда «светтерди кесип кетишти». Андай «кампанияга» биздин да батир кабылды. Ошол түнү очойто кар жаады, «жаш балдарыбыз үшүп калды, светти эртерээк кошуп берээр» деген үмүттө эртең мененки саат ондордо Каракол РЭТине кардар катары келдик. Бизге окшоп келгендер да нааразычылыгын билдирип жүрүштү. Жогоруда айтылгандай, «подключение» боюнча кимге кайрылаарды таппадык. Жетекчи менен жетекчинин орун басары да ордунда жок экен. Эртең мененки саат 10-00 чамалары болсо да, жооптуу кызматкерлеринин бирин дагы карайлап таппай койдук. Катчы кыз болсо «ученияга» кеткен демиш болуп, жооп берээр-бермексен ары-бери жүрдү.
Калкты тейлөө борборундагы операторлордон бир айлык карызыбызды билиш үчүн эсеп-дүмүрчөк чыгарып берүүсүн сурансак, «база бузулуп калды, качан оңо-лот билбейбиз» (мунун видеосу “Фейсбукта” берилген) өңдүү сөздөр менен аңкылдап да жиберишти. Кыскасы бул калың элди тейлөөчү мекемеден «базарда» дагы булардай оройлукту кезиктире албайсың. Антейин десең жетекчиси, орун басары экөө тең зөөкүр чалыш экен.

Каракол РЭТинин зөөкүр жетекчилери

Бир аздан кийин орун басар Акбагышев Алмаз келди. Иш бөлмөсүнө кирээри менен ал кабагын чытып, адамдын ким экенин, эмне маселе менен келгенин укпай: «Эмне телефонго тартып жатасың, «коопсуздук кызматын чакырчы» – деп бирөөсүнө буюрду. Сыртка чыгарып салчудай болгону-нан журналист экенибизди айтып кайрыла баштаганда, сырттан орун басардын бөлмөсүнө бирөөсү келип калды. «Бул башчы» – деди. Ага кайрылгыча эле «Эмне тартып атасың?» – деп колумдагы телефонду күч колдонуп жулуп алууга аракет жасады. Жанындагы коопсуздук кызматы да кошо асылды. Телефонду сындырып салдың дегиче басып кетип калды. Артынан бул эмне деген кепкой, зөөкүр жетекчилер деп күңгүрөнгөн бойдон оозу-бузду ачып кала бердик. Кайра орун басар Акбагышевге кирсек, ал чытыган кабагын ачпай, кайра катчы кызга «Коопсуздук кызматын чакырчы» – деп буйруп, өзү ордунан тура калып колдон алып түртүп, сүйрөп эшиктен чыгарып салды. Деги булардын эси сообу? Эмне деген жетекчилер? Буларды мындай жооптуу кызматка ким койгон? Деги буларды тескеп тургандар бар болгон бекен? Дегеле, жетекчинин деңгээли ушундай болобу?.. Же булар «Чыгыш Электронун» орун басарынын жердеши, бири класташы болгону үчүн ага таянып, билгенин жасап жатабы? Эмнеси болсо да «Чыгыш Электро» жетекчилерге жарыптырсыңар?!.
Каракол шаарында элди электр энергиясы менен камсыздоодо өзгөчө бир ыкма бар. Эч кимге светти төлө деп баштарын оорутуп отурушпайт, эсеп-дүмүрчөккө «белгилүү мөөнөткө чейин төлөнбөсө, өчүрүлөсүз» деп эскертүү берет. Кечиксең, кийинки эскертүү болбойт. Шарт эле өчүрүлөсүз. Кардар эсеп-дүмүрчөктү колуна алдыбы-жокпу аны уруп да коюшпайт. «Качан төлөш керек экендигин билишиң керек» – дейт. Азыркы кымгуут заманда ар ким эле светти төлөйт элем деп күтүп отурат экен да. Анан төлөнгөндөн кийин кайра коштуруу үчүн (подключение) за услуги деп 300 сомдой төлөтөт. Аны да 48 сааттын ичинде кошот. Бир балээ болуп убагында төлөбөй калсаң балээге ошондо кабыласың. Өчүргөн күнү. анан 48 сааты болуп үч күн жарыксыз калышың толук ыктымал. Тезирээк коштурууну кааласаң, жогорудагыдай орой мамилеге калышык мүмкүн. Караколдо кептегек кабат үйлөрдө жашоочулар I жалаң электр энергиясы менен күн көрүшөт. Анан кычыраган кышта, маалында  төлөбөй көр, ушундай «жаза» аласың. Жаш балалуулар  бар эле, бир эскертип койсок кантет деген адамгерчилик фактор болбойт. Жок дегенде өчүргөнүн да эскертип коюшпайт. Ушундан улам  булар кошумча 200-300 сом өндүрүү үчүн электр жарыкты эскертүүсүз өчүргөнге кызыкдарбы деген да ойго такаласың.

Ошентип бул боюнча чара колдоноор деп «Чыгыш электронун» экс-генерал дык директору Сыдыков Бакытка, милдетин аткару Түмөнбаевге, орун басары Максатка арыз жазып калтырдык. Ал орун басар ка кемчиликтерин териштирели дегендин ордуна, «Өзүңөр  бирдеме десеңер керек» – деп кайра өзүңдү күнөөлөчүдөй. Эми зөөкүр жетекчилер менен анын командасына дай чара колдоноор экен да көрөлү.

Баса: Каракол РЭТине нааразы болгондор шаардын четинен табылат экен. Бул  боюнча журналисттик иликтөөбүздү улантуудабыз…

Булак: “Фабула”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: