Түркмөнстандын Ахал облусундагы тоодо жайгашкан Багабат шаарчасы менен Мантыш айылдары түрттүрүлөт.
Маалыматка караганда, Мантыш айылында чек ара бөлүгү, мектеп жана медициналык жайдан тышкары 80ден ашык түтүн эл жашайт. Жергиликтүүлөрдүн айтымдарында,бийлик аларга үйлөр бузула тургандыгы жөнүндө эскертүү жазылган каттарды жөнөтүп, бирок анын ордуна жаңы турак-жай же компенсация сунуштаган эмес.
Аткаминерлердин бул чечимине макул болбогон жашоочулар расмий эскертүү алгандыктарын ырастап кол коюп берише элек. Бирок алар бийлик техниканы пайдаланып, үйлөрдү күчкө салып түрттүрүп салышы мүмкүн деп тынчсызданышууда.
Жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, айылда өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери жашап келген тургундар үйлөрүн колхоз жетекчисинин уруксаты менен курганына карабастан, бийлик аларды мыйзамсыз курулуш катары эсептөөдө.
Маалыматка караганда, Багабат шаарчасында дагы абал ушундай. Анда бийлик союз маалында курулган санаторийди бузуп, ордуна 250 орундуу бейтапкана тургузууну пландап жатат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ