Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм тасмаларда орчундуу ролдорду аткарышкан актерлор Ош шаарында студенттер жана мектеп окуучулары менен жолугушту.
Улуу калемгердин 90 жылдык мааракесинин алкагында Кинематография департаменти уюштурган “Кино жана өспүрүм” аталышындагы бул кино кербени Ош шаарында тушоосун кести. Иш-чаранын жүрүшүндө “Жамийла” тасмасында Сейиттин ролун аткарган Нусрет Дубашев, “Ак кеме” киносунда Нургазынын ролун образын жараткан Нургазы Сыдыгалиев жана “Бетме-бет” тасмасында Ысмайылдын ролун ойногон Бусурман Одуракаев жаш корормандарга чыгармачылыктагы татаал жагдайлар жана образдарды жаратуудагы оош-кыйыштар туурасында кең-кесири айтып беришти.
“Кино жана өспүрүм” долбоорунун негизинде жүрүп жаткан бул кино кербени мындан аркы сапарын Ош облусунун райондорунда улантмакчы.
Булак: “Майдан“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ