Menu

Башкырстанда окуучу мектепке бычак менен кол салды

Бөлүшүү:

Башкырстандын Стерлитамак шаарындагы мектепте кол салуу болуп, төрт адам ооруканага жетирилди, алардын үчөө – балдар. Бул тууралуу ТАСС агенттигине республиканын саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Светлана Кускарбекова билдирди.

Анын айтымында, жабыркагандардын абалы орто оор, алган жаракаттары такталып жатат.

Буга чейин маалымат каражаттары окуучу бычак менен Стерлитамак шаарындагы №1 мектепте кол салганын кабарлашкан. РИА Новости өз булактарына таянуу менен билдиргендей, 9-класстын окуучу информатика классын өрттөп салууга аракеттенген. Кол салуудан кийин өспүрүм өз жанын кыюуну көздөгөн.

Окуя болгон жерде өрт өчүрүү кызматы, полиция жана тергөөчүлөр иштеп жатат. Кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

2018-жылдын январь айында Орусиядагы мектептерде удаа-удаа эки кол салуу болгон. Пермде өспүрүм 4-класстын окуучуларына кол салган, 15 киши жаракат алган. Улан-Удэде 9-класстын окуучусу бөлмөлөрдүн бирине өрттөнө турган суюктук чачып, жети кишини балта менен жарадар кылган.

21-мартта Курганск облусунун Шадринск шаарында 13 жаштагы окуучу кыз пневматикалык пистолет менен ок атып, жети киши жарат алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: