Menu

Cөз эркиндигин коргоо комитети экс-президент Атамбаевди учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон үлгү алууга чакырды

Бөлүшүү:

Биз, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин мүчөлөрү, журналист Кабай Карабековго карата материалдык доосунан президент Сооронбай Жээнбековдун баш тартуу боюнча жагымдуу мисалын колдойбуз. Бул жөрөлгө – көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишине жаңы бийлик кийлигишпейт жана оппозицияга басым жасоону токтотот деген үмүт жаратат.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин пикиринде, эгер экс-президент Алмаз Атамбаев тарыхта жана элдин эсинде жүзү ачык калгысы келсе, өзүнүн Zanoza сайтына, журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова, Дайырбек Орунбеков, укук коргоочу Чолпон Жакуповага, ошондой эле «Ата-Мекен» фракциясынын катчылыгынын жетекчилери Таалайгүл Токтакунова менен Канат Азизге койгон дооматтарынан баш тартуусу керек жана ошого чакырат.

Ар бир элге төбөсү көрүнгөн мамлекеттик кызматкер негиздүү сынды – ал канчалык ачуу болсо да – туура кабыл алууга милдеттүү жана өзүнүн сабырдуулугу менен башка атка минерлер менен депутаттарга үлгү көрсөткөнү абзел. Элге көрүнгөн киши болом деген ар бир адам – кандай болбосун коомдук сынды көтөрүүгө тийиш, антпегенде ал эч бир шайлоого катышпастан, эч бир мамлекеттик кызматка умтулбаш керек.

Сөз эркиндигин коргоо комитети, Бишкек, 18-апрель, 2018-жыл

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: