Menu

Түштүк башкалаасында арыктардын 90 пайызы оңдоого муктаж

Бөлүшүү:

Ош шаарындагы акыркы күндөрү тынбай жааган жамгыр бир топ көйгөйлөрдү ачыктады. Ошентип, калаадагы ирригациялык арыктардын абалынын абдан начар акыбалда экендигин айгинеледи.

Маселен, акыркы күндөрү нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, Ош шаарынын бир топ аймактарын кадимкидей эле суу каптап кетти. Болжол менен бир кубга жакын келген сел көп кабаттуу имараттардын жертөлөлөрүнө дейре кирип, олуттуу зыянга учуратты. Баса, бул көрүнүш быйыл эле эмес, жыл сайын кайталанып келет.

– Селдин капташы шаардагы ирригациялык арыктардын оцдолбогондугунун кесепетинен болууда. Калаадагы өйдөлүш көчөлөрдөгү жамгырдын суусу төмөн карай агып, арыктарга таптакыр батпай калгандыктан, тротуарларга жана имараттарга карай ашып кетип жатат, – дешти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери.

Баса, Ош калаасындагы ирригациялык арыктарды ондоого Ош шаардык мэриясы жыл сайын жергиликтүү казынадан 7 миллиондон 10 миллион сомго дейре акча ажыратып келатат. Каралган каражатка тиешелүү миуниципалдык ишканалар жол жээгиндеги арыктарды гана оңдошкон. Алдыда дагы арыктардын 90 пайызы кеңейтилүүгө тийиш дешет бийлик өкүлдөрү.

Айтмакчы, Ош шаарынын ички жолдордун узундугу 536 чакырымды түзөт. Анын эки тарабындагы арык деле миң чакырымдан ашат. Бирок, буга дейре бөлүнгөн каражатка шаардагы суу каптоо коп катталган жерлердеги арыктарды ондоого жетээрлик болсо дагы, ал жерлер алигүнчө каралбай келатат.

– Ош шаарын аралап откон каналдардын бири дагы селдин алдын алуу максатында курулган эмес! – деп чындыкты моюндады Кара-Суу районунун суу чарба баркармалыгынын башчысы Марат Ахунбаев. – Ал эми жергиликтүү бийлик селдин суусу канал менен кетиши керек деп отурушат.

Алдьща Ош мэриясы бул маселени тыкыр көзөмөлгө албаса, ири сел жүрүү ыктымалы чон экендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги улам-улам эскертүүдө.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: