Мындан 3 күн мурда, 16-апрелде Сапар Исаковдун буйругу менен Финполдун төрагасы Замирбек Осмонов кызматынан алынды. Расмий түрдө аны өз арызы боюнча жумуштан кетип жатат деп түшүндүрүп жатышат. Бирок, биз мурда жазгандай, укук коргоо органдары аны камакка алып, сурак жүргүзүүгө умтулушууда.
Биздин жеке булактар билдиргендей, Финполдун экс-төрагасы Замирбек Осмоновдун аялынын, кайненесинин ысымдарына жазылган, жана башка ага аффирирленген фирмаларга салык инспекциясы кошумча нарк салыгын мыйзамсыз түрдө кайтарып берип тургандыгы билинип калды.
Азыркы учурда Замирбек Осмоновдун каршылаштары менен колдоочуларынын ортосунда аны камакка алуу же албоо тууралу талаш-тартыш күчөдү. Осмоновдун артында турган Шоопур аке Замирди тумшуктууга чокутпай калкалап келатат.
Жалпысынан акыркы жылдарда ашыкча төлөнгөн кошумча нарк салыгын кайтарып беребиз деген шылтоо менен мамлекеттик бюджеттен 12 миллиард сом чыгарылып кеткен. Укук коргоо органдары анын ичинен 800 миллион сом уурдалган акчаны табышты. Ал эми Атамбаев акыркы маалымат жыйынында “укук коргоо органдары 800 миллион деп жатышат, бирок мен билем 400 млн эле” деп билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ