Menu

Динара Сагынбаева айым улуттук госпиталды жетектөөгө дале укугу барбы?

Бөлүшүү:

Колдоочусу күч болсо адамга оомат келет. Ташы өйдө кулап, баардык жолдор ачык болот. Байыйт, маарыйт, башына дөөлөт конот. Туш-туштан кошоматчылар көбөйүп, далы таптап жандап калышат. Аны барктай билүү баарынын эле колунан келе бербеси анык иш. Көөп кеткен учурда кыргыздар “көзүн май басты” дейт. Биз бүгүн сөз кыла турган адам да жөн адамдардан эмес. Ушу кезге чейин колтуктан алып колдогону канайым беле? Сөз төркүнү улуттук госпиталдын башчысы Динара Сагынбаева жөнүндө  болуп аткандыктан, анын 2011-жылдан берки “ишмердүүлүгүнө” азыноолак токтолууну эп көрүп турабыз.   

2010-жылы Апрель элдик революциясында Бакиевдердин үй-бүлөлүк заманы кыйрады. Аны менен кошо бийликтин бийик бутагына расмий түрдө Алмазбек Атамбаев президент болуп шайланды. Бу кишиге жумурай журт, калайык калк чоң үмүт артты. “Эми Кыргызстан оң жолго түшүп, экономикабыз гүлдөйт, медицина тармагы өркүндөп-өсөт, ажонун жубайы (канайым) Раиса Атамбаева бийликтин иштерине кийлигишпейт. Үйдө тынч отурат ж.б.” дедик. Анан эле Рая карындашымдын жакын курбусу Динара Сагынбаева ойдо жок жерден 2011-жылы саламаттык сактоо министри болуп калды. Муну эч ким күтпөгөн. Асмандан парашют менен десант түшүргөндөй  эле болду.

“Чү” дегенде эле Азиз Батукаев түрмөдө ооруп калды. Алгач “боорунан кетиптир”, кийин “канынан рак болуптур” деген диагноз коюлар замат салтанаттуу түрдө кызыл килемди таманына төшөп узатчулар узатты. Мындай диагнозду ким койгону тууралуу убагында массалык маалымат каражаттары көп эле жазып, айтып, бул ишке саламаттык сактоо министринин түздөн-түз тиешеси бар болуп, акыр-аягы президент жумуштан кетирүү жагына кол койду (айласы түгөнгөндө). Бирок, ал иштен кеткени менен кайра эле курбусу аркылуу улуттук госпиталдын башчылыгына келди. 2014-жылы бул тууралуу, анын мурунку башчысын алдын ала бошотуп, өзүнө “жылуу” жер даярдаганын жумурай журт коңгуроо какса керек эле? А болбосо, улуттук госпиталдын мурунку жетекчисин кайсы туура эмес иши үчүн жумуштан бошоткон? Динара айым жооп бере алабы? Бул тууралуу да ЖМК айдыңында бир нече жолу жазылып, Динара Сагынбаева айымга бир топ сын пикирлер айтылган. Эми улуттук госпиталга келели да, жетекчи айымдын “ишмердүүлүгүнө” кыскача токтололу.

Госпиталга жалпы жонунан сырттан келген бейтаптар кайрылат. Бекер дарылоо бул жакта калсын, баскан-турганыңдын баары акча. Анысы аз келгенсип, мурунку ишбилги мыкты адисттер жок. Сураштырсак үч жылдын ичинде 160тай медперсонал жумуштан айдалганы (рекорддук көрсөткүч, 20 жылдын ичинде мынча медперсонал жумуштан кетпептир) билинди. Коркутуп-үркүтүүлөр, ушак-айың, “арызды өз каалооң менен жаз же болбосо статья аркылуу жумуштан кетесиң” дейт имиш? Жанагы жумуштан кеткендердин арасында мыкты адисттер, бөлүм башчылар болгону жан кейитет. Алсак, Булат Шалабаев, Болот Турузбеков, Гүлсүн Исмаилова, Кочкор Мендибаев, Нурлан Оморов ж.б. бар. Жумуштан кеткендердин басымдуу бөлүгү “ай койчу, ушу башчы менен айтышып, соттошуп отурамбы?” дегендер. Ал эми статья менен коркпой кетип, сот аркылуу өз укугун коргоп, кайра келгендер да жок эмес. Мисалы, Алмаз Кулназаровду алсак болот. Госпиталда мындай көрүнүш азыркыга чейин уланууда жана кадыресе адатка айланып калган. Былтыр май айында ЖК депутаттары госпиталдын ичинен антисанитардык шартта дары-дармек жасоочу аптеканы көрүп, аны сүрөткө тартып алышкан. Күмөн жараткан дарылар канча деген бейтаптарга таркатылып, сатылып кетти? Бейтаптын ден соолугун калыбына кетирдиби же ойронун чыгардыбы, белгисиз? Керек болсо ушул иш боюнча жетекчи жоопко тартылып, болбоду дегенде жумуштан кетиш керек эле. Кетмек тургай, чара көрө турган саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди тоготуп койбогонунан кабарыбыз бар. Аптека боюнча Динара айым жеңил актанып, аны жаап атып кутулса керек эле… Анысы ал дейли, ар бир госпиталдын кызматкерине айлык берүү учурунда эсеп-кысап бөлүмү 1000 сомдон кармайт, “эмнеге?” десе, жогору жакты көрсөтүп кутулган учурлар тууралуу жетекчи айым эмне дейт? Ушундай иштеринин айынан госпиталдын жетекчилигине Кылмыш кодексинин 171-беренеси (“берилген мүлктү өзүмбилемдик менен коротуу”), 304-беренеси (“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 166-беренеси (“алдамчылык”) боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Башкы прокуратуранын берген маалыматына таянсак, башкы көзөмөлдөөчү орган УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын госпиталдагы коррупция боюнча берген материалдарын текшерип көрүшкөн. Текшерүүдө, аталган оорукананын жетекчилиги буга чейин госпиталда эч иштебеген жана жумуштан бошотулган кызматкерлердин банктык эсептерине айлык акы катары акча которуу жолу менен акча жеп келишкендиги далилденген. Болжол менен кымырылган акча 883 миң, 746 сомду түзгөн. Эске сала кетсек, бул мекемени 2014-жылдын ноябрь айынан бери мурдагы саламаттык сактоо министри, биз сөз кылып аткан Динара Сагынбаева жетектеп келет. Мындан сырткары, 2015-жылы сентябрь айында коомчулукка жар салып, “улуттук госпиталдын курулганына 70-80 жыл болду. Азыр оңдоо-түзөө иштери керек. Быйыл 70 миллион сом капиталдык оңдоого бөлүндү. Биз 12 бөлүмдү үч айдын ичинде оңдоп, декабрь айында бүтүп калабыз” деген эле алтын шилекейин чачыратып. “Уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок” болуп үч айы үч жылга созулду. Канчалаган бейтаптар, доктурлар кыйналды. Мындан бир ай мурун бүттү. Бүткөнү курусун, мурунку жасалгандар кайрадан урап баштаганынан кабарыбыз бар. А эмнеге үч жылга созулду, аки-чүкүсүн жетекчи айымдан сурагыбыз келет.

Ооба, сурообуз көп. Албетте, гезит бети чакталуу болгондуктан Динара айымдын баардык “ишмердүүлүгүн” айтып бере албадык. Көрүнгөн жактарына караганда, көмүскө жактары да бардыр. Бир сөз менен айтканда, азыркы ажобуз Сооронбай Жээнбеков коррупция менен катуу күрөшүп атканы жалпы кыргыз элин кубандырып атат. Анын ичинде улуттук госпиталдагы коррупциялык иштер көз кырынан чыкпайт деп ишенип туралы.

 Болот Алдаяров

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: