Menu

Түркмөнстан «Аваздагы» мейманканаларын сатууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда Каспий деңизинин жээгиндеги “Аваз” туристтик зонасынын кымбат баалуу мейманканалары сатыкка коюлду. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, чет өлкөлүк ишкерлерге «Небитчи», «Ватанчи», «Дениз», «Ахал», «Мары», «Лебап» сыяктуу мейманканалар арзыбаган баага сунушталууда.

“Азаттыктын” өз булагы бул кабарды тастыктап, Аваздагы «Таджир» мейманканасы менчиктештирилгенин билдирди. Анын айтымында, объект чет өлкөлүк ишкерге сатылган. «Таджир» «Өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин» эс алуу борбору катары курулган.

«Аваздагы» мейманканалар 2007-2017-жылдары мамлекеттин акчасына салынган. Убагында 40-50 миллион америкалык долларга бааланган объектилер учурда алдын ала 100 миң доллар которуп, калганын 30-40 жыл ичинде төлөп берүү шарты менен сатылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: