Ички иштер министри Улан Исраилов өкмөттүн отчетун угуу учурунда “Ата Мекен” фракциясынын мурунку депутаты Улан Саляновдун өлүмүнө байланышкан кылмыш иши иликтенип бүткөнүн айтты. Анын айтымына Караганда, бул иш кылмышта саясий жүйө жок. Эки шектүү адам аныкталган. Алардын бирөөсү жакында өлкөгө экстрадициялана турганын айтат. Үчүнчү шектүү кармала элек. Кылмыш ишинин бети ачылды, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кененирээк маалымат бере албастыгын айткан. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен.
Булак: “Багыт“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ