Menu

Окуучулардын мектепте телефон көтөрүп жүрүшүнө жана “ачык” кийим кийишине тыйу салынат

Бөлүшүү:

Мындай мыйзам биздин коомго керек эле. Азыр окуучулардын мектепте башка учурду кой сабак учурунда деле телефон чукулап, ага берилип олтурган учурлары коп. Анын кесепетинен билимдин э.чес, смартфондун кулу болуп жатышат. Ал эми секелек кыздардын ичинен “ачык-чачык”, сексуалдуу кийингендери да аз эмес. Бул ыймандан, биздин элдин улуттук кадаа-салтынан такыр жат нерсе болушу керек эле. Бирок андай болбой баратканы өкүнүчтүү. Жогорку Кеңештеги социалдык саясат жана билим беруу комитета окуучуларга мектепте смартфон алып жүрүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун карай турганы маалым болду. Токтом долбоорунун автору РАЖ фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова экен.

Бул мыйзам долбоору мектеп окуучуларынын адеп-ахлагын сактоо менен билим апуусун жакшыртууга багытталат. Алардын белгилөөсү боюнча смартфондор аркылуу балдар интернеттеги терс таасири көп дүйнөгө азгырылып жатышат, алар телефондорун мектепте сабакка көңүл бурбай колдонгон учурлар көп катталууда. Ушундан улам, окуучулардын мектептин аймагында телефондорду колдо-нуусуна тыюу салууну сунуштап жатышат. Бул токтом долбор менен бирге окуучу кыздардын мектепке ачык кийим кийип келбөө маселеси да каралмакчы. Бир сөз менен айтканда эки маселе тең колдоого татыйт.

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: