Menu

Жалал-Абад облусун кризистик аймакка айландырган Кыянбек Сатыбалдиев жоопкерчиликке тартылбайбы?

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда башаламандык өкүм сүрүүдө. Жашыруун багылган беш жүздөй эшектин табылганы, Тогуз-Тородогу чатак, Базар-Коргондогу сатуучулардын жаңжалы, шаардагы базардын өрттөлүшү, айтор, кайсы жагынан албайлы, мышык ыйлай турган абалга кептелишти.

Мунун баары эмнеден улам жаралууда? Албетте, облус губернатору Кыянбек Сатыбалдиевдин иш билбеген мажирөөлүгү, сабатсыздыгы, о.э. эл менен иштеше албаганы даана ачыкталды. Буга чейин да Жалал-Абад облусун артка тартканы боюнча Кыянбек Сатыбалдиевдин артынан ЖМКларга негиздүү материалдар жарыяланган. Азыр бул эргул аталган аймакты башкара албай калды. Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов болсо, коррупциялык ишмердиктери боюнча камакка алынды. ОИИБнин начальниги Акылбек Мамасейитов Жалал-Абаддагы коопсуздукту жана элдин бейпилдигин камсыздамак турсун, карапайым элге күч колдонуп, Тогуз-Торо районунда чыр-чатакты күчөтту. Акылбек Мамасейитовдун өздүк курамдын ичинде аброю түшкөнү, коррупцияга шектүү катары бааланып атышы эмнени билдирет?..

Дал ушундай элдин шоруна калган жетекчилер турганда, кайдагы өнүгүп-өсүүнү айтабыз? Андыктан, бүгүнкү күндө Кыянбек Сатыбалдиев да, Акылбек Мамасейитов да кызматтарынан токтоосуз түрдө алынып, жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Ооба, эртеңки күнү эл ишениминдеги кадрлардын келиши шарт. Мезгил келди, убакыттан уттурбайлы. Албетте, президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна өзгөчө көңүл бурушу керек. Эл үмут менен жаңы жетекчиликти күтүүдө…

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: