Алгач тар чөйрөдө «Алтынбек Сулай-манов «Бир Бол» фракциясын баштап, коалициялык көпчүлүктү таштап кетет экен» деген кабар желдей тараган. Саясый оюндарды жүргүзүүдө алчы-таасын жеп калган Алтыке өзүнүн жана фракциянын кызыкчылыктарына жараша шарттарды коюп, Алмазбек Атамбасвдин жана Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары менен тең «соодалашып», аныгында, коалициядан чыгып кетүүнү кечендетти. Себеби, Сапар Исаковдун өкмөтү иштеп турса, Сулайманов үчүн мындан даты «мөмөлүү кирешелер» болору болжонуптур. «Өкмөттү таратабыз, анын башында «Бир Бол» турат» деген жарлык менен саясый шоу жасашып, кызматтык, кирешелик ресурстарды кеңейтип алууга жол табышары мүмкүн. Ошол эле маалда кырдаалды байкаган Алтынбек мырза Асылбек Жээнбеков тарапка өтүп кетиши да ажеп эмес.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ