Menu

Бакыт Төрөбаев: “Сапар Исаков «Сегиз айдын ичинде завод-фабрикаларды куруп, жумуш орундарын түзө алдык, айлык маяналар көтөрүлдү» деп айта алган жок”

Бөлүшүү:

– Бакыт Эргешович, оппозициялык фракциялар Сапар Исаковдун өкмөтүнүн ишин «канааттандырарлык эмес» деп тапты. Буга эмне негиз болду?

– Өкмөттүн дарегине көп суроолор болду. «Кумтөр», Тогуз-Тородогу башаламандык, гидроэлектрстанцияларын куруу боюнча «Лигласс» компаниясы менен келишим, «Акылдуу шаар» долбоору маселеси жана башка экономикалык көп көрсөткүчтөр боюнча сөздөр айтылды. Бирок, өкмөттөн так жоопторду ала алган жокпуз. Мисалы, «Акылдуу шаар» боюнча өкмөт кытай компаниясы менен келишим түзүп, кандай пиар жасап, анан эмне болду? Аягында эч кандай жыйынтык чыккан жок. «Лигласс« боюнча келишимди жокко чыгарды. «Кумтөр» аябай чоң долбоор, ал ар дайым Жогорку Кеңеш аркылуу бекитилет эле. Бирок, бул жолу Сапар Исаков Жогорку Кеңешке келбей туруп, өзү кол койду. Депутаттардын ою боюнча мамлекет канчалаган миллион зыян тартып жатат? Ошонун негизинде биз өкмөттүн ишине «канааттандырарлык эмес» деген баа бердик.

– Азчылык фракцияларынын чечимине эки гана депутат каршы болуп, калганы бүт колдошту. Мындай жалпы пикирдин себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча Сапар Исаков түздөн-түз жооптуу болчу. 26-январда ТЭЦте болгон авариянын кесепетинен эмне болду? Канчалаган шаардыктар суукта калышып, эмне деген гана сөздөр айтылбады?! Ошону унутпаш керек да. Экономикалык абалды карасак, эң негизги көрсөткүчтөр – элибиздин киреше булагы көбөйдүбү же жокпу? Көбөйгөн жок. «Сегиз айдын ичинде завод-фабрикаларды куруп, жумуш орундарын түзө алдык, айлык маяналар көтөрүлдү» деп айта алган жок да. Ошондуктан, депутаттар элди ойлоп, туура чечим чыгарды да. Ал эми эки депутат каршы добуш бергени – бул алардын өз ыктыяры.

– Сщдердин чечимиңиздерден кийин өкмөттүн тагдыры кандай болот эми?

– Бул маселе эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат. Ал жерде коалициялык көпчүлүк бар. Алардын добуштары көбүрөөк. Маселе көпчүлүк добуш менен чечилет да. Биз азчылыкпыз, элүүгө жакын депутат бар. Бирок, жыйында биз өз сөзүбүздү айтабыз. Балким, ошондо коалициялык көпчүлүккө кирген депутаттap да өкмөттүн ишине «канааттандырарлык эмес» деп добуш берип коюшу мүмкүн.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: