Menu

Экс-премьер-министр Сапар Исаков камакка алынышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-апрелде КР Жогорку Кеңеши ишеним көрсөтпөй отставкага айдалган Сапар Исаковдун үстүн дароо кара булут каптай баштады. Көрсө анын үстүнөн укук коргоо органдары “Манас” эл аралык аэропортуна авиакеросин ташып сатуу боюнча, Биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюнунун курулуштары жана Кумтөр алтын кендери боюнча козгогон иштери бар экен. Бүгүнкү күнгө чейин Сапар Исаковду бул иштерден Алмаз Атамбаев калкалап келген. Бүгүндөн баштап “крышасы” Сапарды сактай албай калды дешет. Ошондуктан укук коргоо органдарынын шуулдаган “шустрый” жигиттери Сапардын иштерин көтөрүп чыгышып, колдорун ушалап, араң эле турушат дейт. Жакынкы учурда Сапар Исаков суракка чакырылышы күтүлүүдө.

“Кыргыз Республикасынын өкмөтү тууралу” мыйзам боюнча премьер-министрге парламент ишеним көрсөтпөй кызматтан кетирсе анда ал экс-премьер деген статустан куржалак калат. Ошондуктан Сапар Исаковдун мындан ары экс-премьер деген статусу жок.

Ал эми жаңы президент Сооронбай Жээнбеков “эч кимисин калкалабайм, күнөөсү барбы, жооп берсин, дос-тууган экенине карабайм” деп жатыптыр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

33 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: