Menu

«Акулалар» Артыкбаев менен Шадиев неге камалбайт?

Бөлүшүү:

Эл АКС эмне үчүн 386 млн. доллар кытай кредитин уурдаган майда чиновниктерди камап, ал эми уурулуктун негизги уюштуруучулары Осмонбек Артыкбаев менен Аскарбек Шадиевге тийбегендерин түшүнбөй жатат. Же алар «ооз басырык» кылып коюшканбы? Депутаттык комиссия кытай кредити боюнча башкы коррупционерлер – мурдагы энергетика министрлери Осмонбек Артыкбаев менен Аскар Шадиев экенин ачык көрсөтүп берсе да, эмнегедир аларга чара колдонбой атышканына таңгалышууда. Тергөөчүлөр «ооба, бизде буларга карата көп суроолор бар, бирок, АКСтин жетекчилеринин уруксатысыз ал «акулаларга» тийе албайбыз» деп айтып жатышат. Эмне үчүн башка депутаттарды дароо торго тыгып коюшат да, буларга болсо суроо да беришпейт? Же бул экөө бүгүнкү коррупция менен күрөшүп жаткандар менен алтын аттиштерди бөлүшкөнбү? Эл жана депутаттар бул суроолорго жоопту чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Булак: ”Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: