Menu

Анжияндын зөөкүр башчысына акыркы эскертүү берилди

Бөлүшүү:

Жергиликтүү чиновниктерди, айыл аксакалдарын жана мектеп директорун “чөө, көркө, айбан” деп тилдегени үчүн 5 миллион сум айыппулга жыгылган Анжиян шаарынын башчысы Дильмурод Рахматуллаев Өзбекстан премьер-министри Абдулла Ариповдон акыркы эскертүү алды.

Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Анжиян шаарынын башчысы Дильмурод Рахматуллаевди мугалимдерди тазалык иштерине тартуу, өз каражаттарына кымбат баалуу гүлдөрдү жана көчөттөрдү сатып келүүгө мажбурлоого айыптады.

Өкмөт башчы 17-апрелдеги жыйында бир нече акимге сөгүш жарыялап, Дильмурод Рахматуллаевге акыркы эскертүү берилгенин билдирди.

2017-жылы 21-ноябрда Анжиян шаарынын башчысы Дилмурод Рахматуллаев пахта теримге жетиштүү киши алып чыкпаган коллеждердин, академиялык лицейлердин директорлорун каарып, «айбан», «эшек», «чөө», «атаңа наалат» деп сөккөнү кабарланган.

Кийинчерээк Башкы прокуратура аткаминер административдик мыйзам бузганын билдирип, ишти сотко өткөрүп берген. 2017-жылдын аягында сот Рахматуллаевге 5 миллион сум (650 доллар) айыппул салган.

Бирок бул чиновник үчүн сабак болгон эмес. Быйыл февралда Дилмурод Рахматуллаев жетиштүү көлөмдө метталолом төкпөгөн жана балдар спортунун өнүгүшүнө акча бербеген жергиликтүү уюмдардын башчыларын кайрадан сөккөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: