Эртең, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши кезексиз жыйынга чакырылат. Жыйындын күн тартибинде Өкмөттүн программасы, ошондой эле түзүмүн жана курамын бекитүү маселелери каралат.
Биздин жеке булактардын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамынан кимдер кетет жана кимдер келет?
Сапар Исаковдун ордуна Премьер-министр болуп Мухаммедкалый Абылгазиев шайланат.
Биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев кетти, орду бош турат.
Вице-премьер Дайыр Кеникеев кетет, ордуна Акылбек Жамангулов келет.
Вице-премьер Чолпон Султанбекова кетет, ордуна Кудайберген Базарбаевдин келиши күтүлүүдө.
Өкмөттүн аппарат жетекчиси Мурат Мукамбетов кетет, ордуна ким келери белгисиз.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кетет, ордуна ким келери азырынча белгисиз.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кетет, ордуна ким келери азырынча белгисиз.
Ички иштер министри Улан Исраилов кетет, ордуна Сүйүн Өмүрзаков келет.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кетет, ордуна Камчыбек Ташиевдин келиши күтүлүүдө.
КР Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов кетип, ордуна Таалай Масабиров келет.
Финполдун начальниги Болот Сүйүнбаев кетет, ордуна ким келери белгисиз.
Андан сырткары Президент Сооронбай Жээнбековдун ыйгарым укуктарына таандык мамлекеттик кызматтардан:
КР Генералдык прокурору болуп Темирбек Осмоновдун шайланышы күтүлүүдө.
КР Генералдык прокурорунун орун басары болуп Нурлан Жээналиев дайындалышы күтүлүүдө.
КР УКМКнын төрагасы болуп Асылбек Кожобековдун дайындалышы күтүлүүдө.
Кр Президентинин Иш башкармасы Туруспек Коёналиев кетет, ордуна ким келери белгисиз.
Губернаторлор, акимдер жана ведомстволордун жетекчилери экинчи этап менен дайындала турган болуптур.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ