Menu

Иракта ИМ тобуна мүчө болгон эки орусиялык аял өмүр бою кесилди

Бөлүшүү:

Ирактын Багдад шаардык соту орусиялык эки аялды «Ислам мамлекети» террордук тобуна мүчө болгондугу үчүн өмүр бою эркинен ажыратты. 17-апрелде соттолгон аялдар дагестандыктар болгону кабарланууда.

Былтыр декабрда Ирак бийлиги бир канча убакыт өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн ээлеп турган «Ислам мамлекети» тобунун үстүнөн жеңишке жеткенин билдирген. Ирактын антитеррористтик мыйзамдары ИМ тобуна жардам берген адамдарга карата айыптоо өкүмүн чыгарууга уруксат берет.

Маалыматтарга караганда, Ирак бийлиги ИМ менен байланышы болгон деп шектелген 1000ге жакын аялды кармап турат. Алардын көбү – Түркиядан жана мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдөн баргандар. Кыз-келиндердин айрымдарын өлүм жазасына тартууга өкүм чыккан.

Ал ортодо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иракта өлүм жазасына тартылганы айтылып жаткан кыргызстандык тууралуу тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

17-апрелде Орусиянын «РИА Новости» агенттиги Ирактын Al-Sumaria телеканалына таянып, Багдадда чет өлкөлүк жарандар өлүм жазасына тартылганын жазган. Алардын арасында Кыргызстандын бир жараны бар экени айтылган.

– Өлүм жазасына тартылган 7 чет өлкөлүктүн арасында Кыргызстандын жараны бар деп кабарланууда. Биз дипломатиялык каналдар аркылуу бул маалыматты тактоого аракет кылып жатабыз. Маалымат аларыбыз менен кабарлайбыз, – деди Кулукеева.

Март айынын башында да «РИА Новости» агенттиги Иракта кыргызстандык үч аял террорчулук боюнча шектүү катары камалып жатканын кабарлаган. Алардын аттары Асел Асилжан кызы, Зухра Кадирова жана Фатима Маруфжанова экени, келиндер балдары менен жатканы айтылган. Аялдар террорчулук жана Ирактын чек арасын мыйзамсыз бузуу боюнча айыпталып жатканы, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экени белгиленген. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирак мамлекетине жана эл аралык «Кызыл чырым» комитетине кайрылган. Азырынча ал жактан маалымат келген-келбегени белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: