Бүгүн, 20-апрелде КР Жогорку Кеңеши өзүнүн кезексиз жыйынында премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкердигин карайт жана ал сунуш кылган өкмөттүн жаңы составын талкуулайт.
Төмөндө Абылгазиев сунуш кылган өкмөттүн составы:
- Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
- Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
- вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.
- вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.
- вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.
- Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.
- Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.
- Адилет министри Айнур Абдылдаева.
- Каржы министри Адылбек Касымалиев.
- Экономика министри Олег Панкратов.
- Айыл жана суу чарба министри Нурбек Мурашев.
- Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов.
- Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов.
- Билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева.
- Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.
- Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов.
- Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова.
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов.
- Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев.
- Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов.
- Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев.
- КР Өкмөтүнүн аппарат башчысы, министр Мурат мукамбетов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ