Menu

Акрам Мадумаров президенттин саясатына каршыбы?

Бөлүшүү:

Эч кимге таанылбаган Мадумаров Акрам дегенди жердеши Икрам Илмиянов Кадамжай районуна аким кылып, андан соң президенттик аппарат башчысынын орун басарлыгына көтөрүп, азыр Мамлекеттик кадр кызматын колуна берип катуу көтөрмөлөгөн. Жалпы коомчулук, оппозиция-позиция деп бөлүнбөй, азыркы президенттин саясатын колдоп жатса, аңдан чыга калгансыган Акрам “Кадр саясатын биз чечебиз! Кимди кайсыл кызматка жөнөтүш менин колумда. Илмияновдун айткан кадрлары гана кызматка барат” дегендей кепти айтып, көкүрөк кагып жүргөнү ыраспы? Эгер Жээнбеков баарыбызга каршы кылмыш ишин козгото турган болсо жок дегенде Баткен элин көтөрүп чыгабыз деп Кадамжайга барып келгени такталабы? Акрамдын оозунан ушул сөздөр чыкканын “үч тамганын” кызматкерлери далилдесе, бийликти басып алууга аракет кылган деп соттолуп олтурган Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Б. Талгарбековдордун ордуна кирип калышпайбы? Ансыз деле Акрамдын артында Бел-Алма көмүр кени боюнча көп сөздөр ээрчип жүрөт. Жөн жүрбөсө көмүр эле анын түбүнө жетиши мүмкүн.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: