Menu

Сыйлык “мафияга” кызмат кылгандарга гана берилеби?

Бөлүшүү:

Өткөн жылы, экс-президентибиз А. Атамбаевдин Указы менен мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Бир нече жылдан бери «унутулуп» калган сыйлыктар өлкөбүзгө эмгеги сиңген инсандарга, жаратман адамдарына берилгени бир четинен кубандырса, экинчи жагынан айрым эгемендүүлүктүн доорундагы жыйырма жылга жетпеген мезгилде сегиз жолку Конституциянын кабыл алдырып, бардыгын тең иштеткис абалга алып келип, түздөн-түз «мафияга» кызмат өтөгөндөргө берилиши элибизде келечектен үмүт үзүлүп, трагедияга айланып жатат…

…Ошолордун бири, Жогорку Соттун биринчи орунбасары, мурдакы Жогорку Сот болуп элине «ак» кызмат өтөп, «Манас» орденин тагынган Ф. Жамашева. «Ата даңкы менен кыз өтөт» болгон айымды кайсы керемети үчүн «бейиш чымчыгындай чыртылдатып сайратып», бир бутактан экинчи бутакка секиртип, каалаган кызматына «нан, туз» менен тосуп жатканына таңыбыз бар. «Самды зам кылып, замды сам» койгондон сумма өзгөрбөсүн «бийлик башындагылардын» түшүнбөгөнүнө өтө кападарбыз…

«Сот органдарын коррупциядан тазалаймын» дегенде, ага Президентибиз эмес, Алла Тааламдын алы келерине күмөн болуп турабыз дешип ар кайсы массалык маалыматтар ишенбөөчүлүк менен жазып чыгышкан. Сот процессин жүргүзгөн ар бир судья өзү каалагандай жыйынтыкка келе берет, анын «жеке менчик чыгармачылык» ишин, мөөнөтүн териштирүүгө эчкимдин укугу жок. Коррупциянын «жетектөөсү» менен жоопкерсиздик, чакчелекей болсун деген максатта Жогорку соттун президиумун жоюп ташташкан. Башкы прокуратуранын эксперттик группасы, четинен бир райондук соттун ишин териштирсе не деген шумдуктардын үстүнөн чыкмак.

Мурунку кабыл алынган Конституциялардын улам «жараксыздыгын» таап, тагдырынан адашкан качкын президенттердин көптөгөн мыйзамдарынын киндик энеси болгон айым, орточо он беш-жыйырма пенсионердин пулун алып, сайрандап жашоодо…

Сегиз жолку башкы мыйзамыбыздын талкуусунун активдүү мүчөсү болуп катышкан «эмгек сиңирген юристтин», кийинчерээк «ара туулган» жараксыз Конституциялардын «атасы» аталган адамдын, көрүнө алып кетчүдөй байып, мыйзамсыз жерге жомоктогудай ресторан салып жатканынын жолу болсун…

Адатта, ар бир жаңы Конституцияны бардык жерлерде жапырт «талкууламыш» этип, кабыл аларда коррупция дайындаган бир ууч «мыкчегерлердин» арам ойлору ишке ашып, башкы мыйзамыбыздан «хронический» жакшылык көрбөй, кыйналып жашап келебиз…

Өткөн чакырылыштагы Жогорку Кеңеште отуз төрт пайыз добуш алган партиялардын мүчөлөрү депутат болуп, алтымыш алты пайыз шайлоочулардын добушун «аут» кетиришип, саясый кризиске кабылганбыз… Кийинки шайланган депутаттарыбыз «ээрге» отурганда эле көчүгү кыйшык болуп, өз ара чабышып, соттошуп, соттолуп качан жыйынтыктуу иштээри белгисиз…

…Мамлекеттик сыйлыктын тапшыруу салтанатынын эмки кезеги, өлбөс-өчпөс мафиянын, мыйзамдагы уурулардын, рэкеттердин, өлкөсүн тоноп байыган олигархтардын, кылмышкерлердин жоон тобуна «тиешелүү» деген «ниеттебиз».

Мырзабек Касымалиев,

Легендарлуу парламенттин депутаты

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: