Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков КР Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу Жарлыктарга кол койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде Кыргыз  Республикасынын  Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз  Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу Жарлыктарга кол койду.

Мамлекет башчысынын Жарлыктарына  ылайык:

Мукамбетов Мурат Картайбекович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси – министри болуп дайындалды;

Абдылдаев Эрлан Бекешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды;

Джунушалиев Кашкар Астаканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалды;

Абдылдаева Айнур Нуралиевна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды;

Касымалиев Адылбек Алешович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын финансы министри болуп дайындалды;

Панкратов  Олег Михайлович Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды;

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын  айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды;

Калилов Жамшитбек мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын  транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды;

Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;

Кудайбердиева Гульмира Каримовна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;

Чолпонбаев Космосбек Сариевич Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды;

Жумагулов Султанбек мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды;

Исакунова Таалайкүл Базаркуловна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;

Кадыркулов Идрис Анарбекович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

Тердикбаев Эрлис Джекшенович Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

Рыскулов Уланбек Дуулатович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

Шаршембиев Бакыт Нуржанович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: