Menu

Азимбек Бекназаров: “Алмаз экс-досум, сен эч качан Сооронбай Жээнбековго аталык же аялы, уулу, иниси, балдызы да боло албайсың, бердиңби бийлигиңди – кокуй дебе!”

Бөлүшүү:

Урматтуу экс-досум Алмазбек Шаршенович, бул сапар үн чыгаруумдун себеби өзүң мураскор катары көрсөтүп, эл колдоп президент болгон С. Жээнбеков экөөңдүн ортоңордо мамлекеттик бийликти толук өткөрүп берүү процесси 6 айдан бери аяктабай, анын кесепетинен өлкөдө кош бийлик орноо коркунучу пайда болуп, улуттун ынтымагына, биримдигине, мамлекеттин бүтүндүгүнө, коомдогу стабилдүүлүккө шек келтирүүчү кооптуу жагдай түзүлүп жатканы болду.

Ага далил катары айтсак Өкмөт башчыбыз С. Исаковдун жакында сен Кытайдан кайтканыңда, «Манас» аэропортунан тосуп алганы кайсы мыйзамга, протоколго, этика-рамкага туура келет? Же болбосо өзүнүн аткарган иштери боюнча Жогорку Кеңеште отчету каралып, Парламент тарабынан “неуд” алып жатканда, жаңы эле мамлекет башчысынын (президенттин) жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулган адамды кайра мамлекеттик чоң кызматка дайындашы, Президентти, башкы кол башчыны бетке чапкандай болгон жокбу!? Кеп сиз экөөбүз билген Болот (Сүйүнбаев) инибизде эмес, кеп мамлекет башчысы менен Өкмөт башчысынын ортосундагы калпыс мамиледе болуп жатат.

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген Бишкек-Ош жолундагы эң башкы тосмо (пост) болгон Сосновкадагы аркада С. Жээнбеков Президент болуп шайлангандан кийин, сиздин айткан “канаттуу керемет” сөздөрүңүздүн бири жазылган плакат пайда болуп, түбүндө Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаев деп жазылып турат. Кан жолдогу мындай жазууну күнүнө миңдеген жүргүнчүлөр окуп “биздин Президентибиз дагы деле Атамбаевби?” — ​дешип баштары маң.

Азыр сиздин айланаңызда жүрүшкөн, бирок күндөн күнгө азайып баратышкан – өздөрүн сизден кийинки эле революционер сезишкен айрым адамдар кез-кези менен “Асылбек Жээнбеков депутаттыктан кетсин” же андан да радикалдуу сөздөрдү Президент Жээнбековдун адресине ачык айтып жатканы да сиз менен мураскоруңуздун ортосунда бийлик талашуу бар экенин тастыктап турат.

Урматтуу экс-досум, бул далилдер Ак үйдө, Көк үйдө олтурушкан өз адамдарыңар тарабынан айтылып жаткан миш-миштердин абийирдүүрөгү. Андай сөздөрдүн чын экенин С. Исаковдун эки кадамы, Ф. Ниязовго, К. Кулматовго, Б. Сүйүмбаевге ж. б. байланыштуу кайра дайындоолор, фактылар далилдеп турат.

Бул жалган дүйнөдө адамзаты байлыкка, бийликке жана өмүргө эч качан тойбойт. Эгерде кайсы бир пенде байлыкка же бийликке каниет кылган болсо, ал улуу инсан, адам катары легендага айланат. Өз бийлигин өз эрки менен өткөрүп берген улуу инсандарды мен Президент С. Жээнбековго жазган ачык катымда мисал келтирип сизге Б. Ельциндей, С. Жээнбековго В. Путиндей болууну кааладым эле. Бирок азырынча силер алардай боло алган жоксуңар.

Алмаз экс-досум, сен 2010-жылдан бери Кыргызстанда чексиз бийликке ээ болдуң, миллиардер да болупсуң. Жеке бийликтин үй-бүлөлүк түрүн Кыргызстанда орнотушкан Акаев, Бакиевке караганда 7 жыл бою өзүң өлкө башчы, Өкмөт башчы, куудулдар айткандай “120 койдун чабаны” тергөөчү, прокурор, сот болдуң. Кыргызстанды кесипкөйлөргө эмес, өзүңдүн мурдагы жан сакчы, катчы, шофер, жардамчы, кошелек жана ар замандын арзыматтары аркылуу башкардың. Кыңк эткендерди мурдагы кыл чайнашкан оор күндөрдөгү үзөңгүлөш дос экенине карабай, өзүң каралап, шылдыңдап, чөгөлөтүү, сындыруу, жүгүнтүү аракетин көрдүң. Айрымдарын сындырдың, чөгөлөттүң. Парламенттик башкаруу системасын бурмалаган, Конституцияга каршы келген мыйзам, жарлыктарды даярдап жазышкан сенин жеке авторитардык бийлигиңдин орношуна чоң салым кошкондорду да түрмөгө салдың. Аягында эрдик кылып, эки элдик ыңкылаптын талабы болгон бийликтин мезгил-мезгили менен алмашып туруусун ишке ашырып кеткен Убактылуу Өкмөттүн саясатын улантып, эң жогорку мамлекттик бийликти өзүң тандаган мураскоруңа бердиң. Баарына кыргыз эли көндү, чыдады. Дагы эмне арманың бар экс-досум?

Кыргызда сөз бар “эрдик кылсаң, сүрө кыл” деген. Эрдик кылдың, бирок 6 айдан бери мураскоруңдун айрым чечимдери кайра бузулуп, айрым кызматтан четтетилгендери кайра жаңы кызматтарга дайындалып жатканын эл түшүнбөй турат. Президент С. Жээнбеков Президент болгону үчүн бир эле сага милдеттүү эмес, ал элге убадаларды берген жана элге да милдеттүү.

Кыргыз кыргыз болгону, элдин башына келген каган, ажо, хан, президенттерди кээде аталыктары, аялдары, уул-кыздары, туугандары башкарганы тарыхта белгилүү, бирок кичинекей бир уруунун деңгээлиндеги хандыкта да эч качан кош бийлик болгон эмес. Кыргыз жоокер эл. Жоокер элдин менталитетине кош бийлик туура келбейт. Ошондуктан Алмаз экс-досум, сен эч качан С. Жээнбековго аталык же аялы, уулу, иниси, балдызы да боло албайсың, бердиңби бийлигиңди-кокуй дебе.

Эгерде сен “өзүм жараткам, өзүм жок кылам” деп айрым дүжүрлөрүң айткандай Жээнбековду Ак үйдөн кууп чыгам деп кокус эле эки миң кишини көчөгө чыгарсаңар, сага жана аларга каршы 20 миң мекенчил, улутчул, демократ-революционерлер чыгарына бөркүңдөй ишен. Алар бир гана Президент С. Жээнбековдун бийлигин коргоо үчүн эмес, силердин бийлик талашуу же кош бийлигиңер түпкүлүгүндө Кыргызстанда түштүк-түндүк жаңжалын пайда кылышы мүмкүн экендигин муну каалаган сырткы күчтөр абдан көп экенин (анын ичинде эки качкын Президент, башка качып жүргөндөр да бар) эске алып чыгышат, алар элдин эркин ынтымагын, биримдигин, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо, коомдогу стабилдүүлүк үчүн 3-революцияга баруудан да кайра тартпайт. Ошол эле мезгилде Президент С. Жээнбековду коргоо, колдоо менен бирге, андан сен 7 жыл ичинде коргоп келген Кумтөр алтын кени боюнча иштеп жаткан коррупциялык келишимдин бузулушун, Батукаевге, Бишкек ТЭЦине, Дача-СУ, саясий буйуртма кылмыш иштер, сөз эркиндиги жана башка ондогон элдин көңүлүндөгү табышмактуу маселелердин мыйзамдуу, адилеттүү, чечилиши талап кылынат.

Сага 7 жыл бою “кошелёк” болгон Кулматов, “баш кесерлериң” Сегизбаев- Казаков, техникалык Өкмөт мүчөлөрүңдү жана башка сага жеке кызмат кылышкан ондогон депутат, тергөөчү прокурор, сотторуңду бийликте сактап калсам, өз бийлигим улана берет деген арам ойуңдан арыл, экс-досум. Бул куру кыял. Аларың 7 жыл бою сенин жеке буйругуңду аткарган үчүн эл алдында, мыйзам чегинде сөзсүз жооп беришет, өзүңдү сатпаса болду, андан көрө аларды өзүңдүн ондогон объект, резиденция, фонддоруңа алып барып иштет. Аларды да кимдир бирөөлөр кайтарыш керек, себеби улутташтыруу маселеси көтөрүлүшү мүмкүн.

Алмаз экс-досум, мындан нары күндөн-күнгө, айдан-айга кечээ эле айланаңда, партияңда жүрүшкөн сойку, кошоматчы саясатчылар Акаев менен Бакиевди таштап кеткендей сени да таштап кете берет, бул тууралуу мен сага нечен жолу эскерткем. Мүмкүн кеч болсо да эсиңе келип, мураскоруңа жолто болбой, 7 жылда кетирген ката-кемчиликтериң үчүн, бирөөлөргө кылган жамандыгың үчүн, Кудайдан, элден, жабырлангандардан кечирим сураарсың.

Саламым менен экс-досуң

Азимбек  Бекназаров

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: