Menu

“Алма сабагынан алыс түшпөйт”: Максуда Оморова… же “Криминал” газетасын муундуруп “тууна” өлтүргөн судья экенин эл билсин

Бөлүшүү:

Андан бери жыйырма жылга жакын убакыт өтүптүр. Көп жылдар бою сот тармагында иштеген Максуда Оморованын кызы Гүлчехра туурасында жазганын окуп чыккан соң, качаңкы бир окуя эсиме келди. Максуда Оморова “Мне обидно за отечество, я хочу чтобы мои внуки и правнуки жили в правовом государстве” – деп жазганын окуп күйбөгөн жерим күйүп кетти. Кыргызстанда укуктук мамлекеттин болушун талкалаган адамдардын бири сизсиз, Максуда Оморова. Адам укугун тебелеген адам катары сүйлөбөй эле койсоңуз болмок экен. Бир кезде сиздин судьялык деңгээлиңиздин “төмөндүгүнөн” жабыр тарткан адам катары жазып жатам.

“Кыргыз руху” газетасынан бөлүнүп чыгып, өз алдынча “Криминал” деген ат менен укуктук-саясый гезиттин биринчи санын чыгардык. Жаңыдан гана уюштурулган гезиттин уюштуруучулары болуп Бекен Назаралиев, Айданбек Акматов, Сакы Садыков үчөөбүз болдук. Ошондо, гезиттин алгачкы санын он миң тираж менен чыгарган элек. Таң калыштуусу “Криминал” гезити үч күнгө жетпей баары сатылып кеткен. Көрсө, ошол кезде элибиз чындыкка суусап калган кези экен. Президент А. Акаев, премьер-министр А. Жумагулов, айыл-чарба министри Б. Талгарбеков жана башкалар туурасындагы ызы-чуу салган макалалар гезит бетине жарык көргөн болчу. Биринчи эле саны менен гезитти ак үй, көк үйдөгүлөргө кошомат кылган Юстиция министрлиги болсо керек, алар Акаевдин ар-намысын коргоп биздин гезитти дароо эле сотко беришти. Биринчи май райондук сотунун ошол кездеги судьясы Максуда Оморова Акаевдик бийликтин ырын ырдап, алардын арыгын чаап, тапшырмасын жүз пайызга аткарып, “Криминал” гезитин жаап берген.

Ак үйдүн, Башкы прокуратуранын “тапшырмасын” аткарып жүрүп кызынын кызматтан кеткен оор абалын “ыйламсырап” жазыптыр. М.Оморова да башкаларды какшаткан судьялардан экенин унутуп калган го. “Энесин көрүп кызын ал дегендей”, М.Оморованын кызы Гүлчахра өзүнөн ашса ашкандыр, бирок кем болбоптур. Ак үйдөгүлөр, Максуда айымдын кызы Гүлчахра да “Бөрк ал десе, баш алган” судья болуп чыкканын, апасынын айтымында кыргыз эли эми билип отурат. Кыргыз элинде “Алма бутагынан алыс түшпөйт”, — ​деген жакшы макал бар. Максуда Оморова да ак үйдүн тапшырмасын аткарып, чындык биз тарапта болсо да гезитибизди жаптырганын унутуп калса эстетип койгонубуз оң го. Максуда айым, биздин редакциянын кызматкерлерин, алардын үй-бүлөөсүн чыркыратып, жүрөктөрүн сыздатып жаңы гана чыккан гезитибизди жаап салган күнүңүздө биздин тагдырыбызды ойлогон эмес элеңиз. Ошондо, Ак үйдөгүлөрдүн тапшырмасын аткарып, кошоматка кой союп, биздин гезитибизди жаап, ак үйдөгүлөрдүн “ак батасын” алганыңызга ыраазы болгондурсуз. Алардын тилинен чыкпаганыңыз үчүн кызматтан көтөрүлүп жүрдүңүз. Менимче, аны деле мойнуңузга алсаңыз керек. Мезгилден өткөн тараза жок деп коюшат го. “Криминал” гезитинде жазылгандардын баарысы кийин туура чыкты. Качан гана өз кызыңыздын башына иш түшкөндө чындыкты жазган адам болуп отурасыз. “Куш уядан эмнени көрсө, ошону алат!” дегендей Оморованын кызы да апасындай болуп Ак үйдүн, Башкы прокуратурасынын тапшырмасын аткарып жабыр тарткандардын “көз жашынан” үй-бүлөсүн багып келгени бүгүн маалым болууда.

Баса, ошол «Криминал» гезитибизди жапканыңызга нааразы болгонубузда, «мен бала-чакамды багышым керек» деген элеңиз… Эсиңиздеби? Максуда айым, Кыргызстанда эркин ой жүгүртүү, демократиялык коомду муундуруп келген адамдарын бирисиз. Акыйкат туурасында сиз айтпай эле коюңузчу. Болгону ушуну гана айтып коюуну туура көрдүм.

Бир кезде сиздин “кошоматчылыгыңыз” менен жабылган “Криминал” гезитинин башкы редактору

Бекен Назаралиев

Өзүңүздүн басып өткөн ишмердүүлүгүңүзгө бир кылчайып, саресеп салып алсаңыз

Максуда Оморованын социалдык тармактар аркылуу жумуштан бошотулган кызы Гүлчехра Оморовага күйүп-жанып, өзүн мээримдүү эне, адилет сот кылып көрсөткөнүнө таң калдым. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей кызыңызды да өзүңүздөй кылып тарбиялаганыңыз анын акыркы кезде караган соттук иштеринен көрүнүп турат. Анткени Сиз да бир учурда Акаевдик бийликтин камчысын катуу чаап, далай журналисттерди сыздаткансыз. Алардын катарында мен да болчумун. Майрам Акаеванын мамлекеттик кадр саясатына кийлигишкенин, Акаевдин айланасына жалаң аялынын жердештери толуп алганын санап жазып чыкканыбыз үчүн Адилет министрлиги «кошоматка кой союп» биздин гезитти сотко берип, ал ишти сиз карагансыз. 6 ай сотко сүдүрөп, акыры гезитти жаап, экономикалык каатчылыктын арааны жүрүп турган ошол 1996-жылдары бизди чиедей балдарыбызга карабай жумушсуз калтыргансыз. “Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Таластын Шекер айылынан” деп жазсак «Шекерге барып айыл өкмөтүнөн Айтматовдун Шекерде туулгандыгы тууралуу билдирме алып келгиле» деп да кыйнаганыңыз эсиңиздедир! Ошондо сот процессине катышып отурган белгилүү коомдук ишмер А.Мадумаров “Айтматовдун Таласта Шекер айлында төрөлгөнүн бүт дүйнө билет, ушундай да бет тырмарлык болобу” деп ачууланганы эсибизде. Андыктан коомчулукка ар кандай кайрылууларды жасаардан мурун, өзүңүздүн басып өткөн ишмердүүлүгүңүзгө бир кылчайып, саресеп салып алсаңыз жакшы болмок.

Сакы Садыков, журналист

Сотторду көз карандысыздыкка жеткирүүнүн жолу башка

Кыргызстанда соттор ар дайым Акүйдүн буйругун аткарып келген. Ал жактан буйрук түшкөндө адилеттүүлүк, адам тагдыры, мыйзамдуулук алар үчүн экинчи орунда кала берген. Бул нерсе азыркы кезде жабырлануучу катары чыгып жаткан судья Максуда Оморовага өзгөчө тиешелүү. Муну жеке тажрыйбабызга байланыштуу айта алабыз.

Максуда Оморова көп жыл Биринчи май районунда судья болду. Акаев доорунда доорон сүрдү. Буйруктарды аткарды. Андай буйруктардын бири “Криминал” гезитин жабуу болгону эсибизде.

Бекен Назаралиев менен биргеликте Акаев доорунда “Криминал” гезитин түптөгөн элек. Гезиттин биринчи санында эле президент Акаев, өкмөт башчы Жумагуловдордун кыңыр иштеринин бетин ачкан курч макалалар чыгып, бийлик башчыларынын айласы кеткен. Алар кантип болбосун тез арада гезитти жабууну чечишкен.

Натыйжада гезит дароо сотко берилип, иш “ишенимдүү” судья Максуда Оморовага тапшырылган. Максуда Оморова көп маалкатпай эле гезитти жабуу чечимин чыгарганы эсибизде турат. Муну менен ал Акүйдүн көксөөсүн аткарган. Андан ары жөнөкөй судьялыктан Биринчи май райондук сотунун төрагасынын орун басарлыгына көтөрүлгөнү айтылган. Оппозициялык гезит болсо жабылды. Акаевдер кутуруусун улантты. Кумтөрдү сатты. Башка элге, мамлекетке каршы иштерди жасады.

Мына ушундай иштерди жасап келген Максуда Оморова судьялык кызматтан четтетилген кызы Г. Оморовага болгон басым жөнүндө 7-апрелде Фейсбуктагы баракчасында кеп кылыптыр. Ал кызы Г. Оморова акыйкаттуулукту, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү коргоп жабыркагандай жан кейитиптир…

Г. Оморова Ленин райондук сотунун судьясы болуп турганда 2017-жылы сентябрь айында Аида Салянованын классташы, чуулгандуу Жаныбек Салиевдин ишин карап, аны кызмат ордуна кайтаруу чечимин чыгарып берген экен. Албетте, Атамбаев Салянованы “чөктүрүп” жаткан учурда Жаныбек Салиевдин прокуратурага кайра келишине Акүй каршы турган. Акүйдүн сотторду башкарган кызматкери Манас Арабаев, Башкы прокуратуранын соттор менен иштеген Алмаз аттуу кызматкери Г. Оморовага Салиевдин арызын канааттандырбоо талабын койгон. Бирок Оморова ал эскертүүлөргө карабай Жаныбек Салиевдин прокуратура кызматын калыбына келтирген…

Бийлик муну жөн калтырган эмес. Дароо Дисциплинардык комиссия деген “укуругу” менен Г. Оморованы жыга чаап, судьялык кызматтан бошотууну президентке сунуштаган. Президент андай буйрукту чыгарган.

Максуда Оморова кызынын судьялыктан айдалышына “көз жашын көлдөтүп”, соттордун көз карандысыздыгы жөнүндө кеп салган. Өзү Акүйдүн буйругу менен тагдырларды сындырып, чалчактап жүргөнүн унутуп калган.

Соттор болсо бүгүн эле эмес, эгемендүүлүк доорунан бери Акүйдүн буйругун аткарып келатат.

Аларды чыныгы көз карандысыздыкка жеткирүүнүн жолу башка. Ал жөнүндө кеп да башка.

А.АКМАТОВ, журналист

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: