Menu

Доомат

Бөлүшүү:

12-апрелде «Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо комитети» аттуу өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргыз Республикасынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевди «ажылыкты уюштурууда коррупцияга жол берген» деп айыптап чыгышты. Маалымат жыйында өзүн укук коргоочу деп тааныштырган Келдибек Аскаралиев муфтий Максатбек ажы Токтомушевди «2014-жылы муфтийлик кызматка келгенден бери ченебегендей байыды, Бишкек менен Ошто жыйырмадан ашуун кымбат баалуу үйлөрдү алып, жакындарына каттаткан. Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушундагы Ы.Абдырахманов көчөсүнүн №112 дарегинде жайгашкан үйдү отуз сотых жери менен 300 миң долларга сатып алып, атасы Токтомушка каттатып койгон. Түштүк магистраль жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү кесилишкен жердеги көп кабаттуу үйдөн төрт бөлмөлүү батирди 200 миң долларга сатып алган. Гоголь көчөсүндөгү «Karven» деп аталган турак-жай комплексинен дагы бир батирди кымбат баага алган. Акматбек Сүйүнбаев көчөсүндө кимдир-бирөө менен чогуу көп кабаттуу үй куруп жатканы такталууда. Мындан тышкары Ош шаарында, Кара-Кулжада да үйлөрү, имараттары бар экени, Сауд Арабиясынын Мекке шаарында да рестораны менен мейманкана салып жатканы айтылууда. Ушунун баарын муфтий кантип алып, тездик менен байып кетти? Ал эмне, Рокфеллердин жакыны, иниси же бир тууганыбы? Муфтий мындай иштерди «өзү жалгыз жасаган эмес, аны экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрам Илмиянов калкалап келген» деген пикирин айтты.

Бирок, бул айыптоолор такталган эмес, имиш деген ушактар экенин Келдибек Аскаралиевдин колунда далилдүү документтер жок экенинен эле билсе болот.

Максатбек ажы Токтомушевди билген кишилер анын муфтий болуп дайындалгыча, андан кийин кандай болуп өзгөргөнүн жакшы билишет. Муфтий бирөөнүн арам акчасына маарыбыган киши экенине өзүм билген бир  мисал келтирейин. Максатбек ажы муфтий болуп келгиче “Лексус 470” үлгүсүндөгү машинаны айдап жүргөн болсо, муфтий болуп дайындалганда “Мени “Лексус” менен жүрөт деп айтышат” деп машинасын сатып жиберген. Буга ишенбегендер болсо муфтийдин өзүнөн да сурап көрсө болот. Эми жашаган үйү тууралуу. Муфтий эл катары көп кабаттуу үйдөгү квартирада 6 баласы менен жашап келген. Бийликте турган, колунда акчасы бар адам “Ажыке 6 бала менен көп кабаттуу квартирада жашаган сизге ыңгайсыз болсо керек. Балдар чоңоюп калыптыр. Түштүк магистралдан жогору жактан өзүңүзгө жаккан жер үйдү табыңыз, сатып алып берейин” дегенде дагы ыраазычылыгын айтып, сылык түрдө баш тартып койгон. Ушундай адамды кантип коррупционер деп айыптаса болот? Же оозго келгенди сүйлөй берсе жараша береби? Бирөөнү ак жеринен каралаган Кудайга жакпаган иш эмеспи. Муфтийге асылуунун артында чоң оюн башталып жатканынан кабар бергенсиди.

Максатбек ажы Токтомушев, Кыргыз Республикасынын азирети муфтийи: “Мени айыптагандар далилин алып келишсе, муфтийликти ошол замат таштап кетем”

— Максат ажы, сиздин дарегиңизге бир топ айыптоолор айтылды. Сиз муфтий болуп келгенден бери көп дүнүйө чогултуп, ал тургай Аравияга мейманкана, ресторан салып жатыптырсыз. Укук коргоочумун деп өзүн тааныштырган адам айткан үйлөрдүн баары сизге таандыкпы?

— Бисмилляхи Рахмани Рахим. Аллага шүгүр, чексиз мактоолор болсун. Жараткан Алланын жардамы менен бул дүйнөгө келгенден кийин Алла Таала ырыскыбызды кең кылып, эч кимге муктаж кылбай алып келген. Мен өзүм соодагерлердин үй-бүлөсүндө туулуп, өзүм да токсонунчу жылдардан Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрү менен соода кылып келгемин. Түштүк магистралдагы көп кабаттуу үйдөгү квартираны 2011-жылы 195 миң долларга сатып алгам. 2014-жылы муфтий болуп дайындалдым. Ошол квартираны балдар чоңойгондон кийин жер үйгө алмашып чыкканбыз. Жер үйдү Каныбек деген курулуш менен алектенген жакшы досубуз азыркы жер үйүн менин квартирама алмаштырган. Бах көчөсүндөгү жер үй ошол. Жыйырмадан ашык үй, “Karven” аталыштагы турак жайдагы квартира, А. Сүйүнбаев көчөсүнө көп кабаттуу үй куруп жатканы, Ош-Бишкектеги кымбат машиналар, Меккедеги мейманкана, ресторан салып жатат дегендеринин баары каралай жалаа болот. Айткандарынын баарын далили менен алып келишсин, укук коргоочу деген далил менен сүйлөйт, мыйзамды сыйлайт. Жалган айып тагып, кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирсе, акыбети эмне болорун да жакшы билет. Укуктуу өлкө болгондон кийин биз да алардын далилдерин сурайбыз. Ошол айткандарын кимдир бирөө менин атыма өткөрүп койсо, бир үйдү айтып чыккандарга азыр берип коёт элем. Калганын колдоого муктаж болгон адамдарга энчилеп ыйгармакмын. Ыймандуулук, сабырдуулук кылып аларга далилдерин алып келүүгө бир жума убакыт беребиз. Алар да ачууга алдырып, же кимдир бирөөнүн буйругун аткарам деп билбей калышы мүмкүн. Коомчулуктун алдында муфтий тууралуу жалган-жалаа айтыптырбыз деп, катасын мойнуна алып, кечирим сурап койсо эч нерсе кылбайм, сотко да бербейм. Эгер кечирим сурабаса өзүм тууралуу айтылгандар чындыкка дал келбегенин далилдеп, элге көрсөтүп коюу үчүн сотко кайрылам. Кыргыз Республикасындагы мусулмандардын муфтийи болуп иштеп жаткан соң мындай каралоо жалгыз гана мага эмес, үй-бүлөмө, досторго, муфтиятка чоң сокку.

— Бул иштерди жасоо үчүн муфтийди мурунку президенттин кеңешчиси Икрам Илмиянов коргоп келген деп жатат. Илмиянов менен кандай байланышыңыз бар?

— Кыргыз алакандай элбиз. Бири-бирибизди таанып, урматтаган, дос болгон калкпыз да. Икрам Сатарович менен мамилебиз жакшы. Бирок, бир сом берип же бир сом алып, соода кылган, чогуу иш жасаган адамдардан эмеспиз. Түз мамилени бурмалап арам кылганды, жалаа жапкандарды кыямат күнү оттон болгон дөңсөөгө олтургузат. Андан мурун бул дүйнөдө дагы мыйзамдын алдында жооп берет. “Ажылык сапардан акча жасаган, садака-фитирден акча кылган, чет өлкөлөргө курулуш баштаган” дегенди ыйманы жок адам гана сүйлөшү мүмкүн. Айткандарын далилдесе, муфтийлик кызматтан ошол замат кетүүгө даярмын. Мен 2009-жылдан бери Эл аралык Ислам банкынын кеңешчиси болуп иштеймин. КМШ өлкөлөрүндө Ислам банкын өнүктүрүү боюнча шарияттык жалгыз чоң кеңешчисимин. Ал жактан дагы өзүмүн эмгегиме жараша үлүш алып турам. Мындан сырткары мал чарбасы, бал чарбасы менен мурунтан алектенип келген өзүбүздүн Кудайга шүгүр кирешелерибиз бар.

— Жаңы салынып жаткан мечиттин айланасында дагы ызы-чуулар бар деп айтылды. Кандай чырлар жаралышы мүмкүн? Мечитке каралган каржыны сиз көзөмөлдөйсүзбү?

— Жаңы мечитти Түркиянын “Дианет” фонду салып берип жатат. Жер ыраматылык Мураталы ажынын учурунда бөлүнгөн. Мечитти куруу үчүн марафон уюштурулуп, бир топ акча түшкөн. Долбоор иштеп беребиз деп бир компания акча алып кеткен. Кийин Чубак ажынын учурунда Келдибек Аскаралиев менен Акин Токталиев атайын муфтияттан айлык алып, долбоорго кеткен акчаны өндүрөбүз деп жүрүшкөн. Бирок, бир тыйын өндүрө алган эмес. Рахматулла ажы муфтий болуп келип, буларды иштен кетирген. Мага келишкенде, силерди айлык төлөп ишке ала албайм, акча бере албайм, марафондун акчасын өндүрүш үчүн дей турган болсоңор, бизде юрист бар, мыйзамдын чегинде өндүргүлө, өндүргөн акчанын кандайдыр бир пайызын келишимдик негизде комиссиянын чечими менен төлөп берсек болот дегем.

— Ажылык сапар ар дайым эле чуу маселе катары көтөрүлүп келет. Сиз муфтий болуп келгенден бери ажылык сапарды ачык өткөрүү үчүн көзөмөлдү ким жүргүздү?

— 2014-жылы мурунку президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев өзү көзөмөлгө алып, ажылык сапарды уюштурууда ачык-айкындуулук болушу үчүн электрондук системага өткөн. Ведомстволук комиссия түзүлүп, ошолор өткөрөт. Дин комиссиясынан, коопсуздук кызматынан, ИИМдин 10-бөлүмүнөн, транспорт, саламаттыкты сактоо министрликтеринен, чек ара кызматынан, Каттоо кызматынан дайындалган 24 кишиден турган комиссия түзүлөт. Ажылык сапарды муфтий өткөрбөйт. Мурун 5 банк менен иштеп келген болсо, мен келгенден кийин РСК банкы менен гана иштешебиз. Максат ажы муфтияттан акча жедиби же тескерисинче акча берип жатабы деп тактап алса болот. Биз бул жерге алганы эмес, бергени келгенбиз. 2014-жылы Сауд падышачылыгынын Ажылык министрлигинде оң баа берилген. Ага чейин андай болгон эмес. 2016–2017-жылдары катары менен ажылыкты уюштуруу, так өткөрүү боюнча биз ааламда алдыңкы орунду алдык. Ажылык министрлигинин атайын алкыш баракчалары бар.

— Фитир-садаканын акчасы боюнча дагы айыптоолор айтылбадыбы?

— Фитир-садаканын акчасы Кыргызстан Дин башкармалыгынын тарыхында 10 млн сомдон ашкан эмес. Мен муфтий болуп келген 2014-жылы 21 млн сом топтолсо, 2015-жылы 31 млн сом, 2016-жылы 33 млн сом топтолгон. Фитир-садакадан топтолгон акчанын 50 пайызы ар бир мечиттин өзүндө, 15 пайызы райондук хатибияттарда, 15 пайызы облустук казыяттарда калат. 20 пайызы муфтиятка келет. Бул жакта атайын комиссия менен жетимдер үйлөрүнө, медреселерге, колунда жокторго, ден-соолугунан жабыркагандарга бөлүнөт. Былтыр фитир-садакадан Алайдагы жер титирөөдөн, Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыр тарткандарга сегиз үй салып бердик. Дача-СУдагы жарандарыбызга жардам берилген. Булардын баарынын отчёттору бар. Биз отчётту Коопсуздук кеңешине, Дин комиссиясына жана аалымдар кеңешине тапшырабыз. Ушул отчётторду карабай туруп жалаа айткандарды каргабайбыз, туура жолго келсин деп дуа кылабыз.

— Дин дагы саясатташып кетип жатат. Муфтийди кызматтан алганда же дайындаганда саясат аралашкан учурлар көрүнүп калууда. Диндин саясатташып кеткени жакшылыкка алып келбейт эле…

— Динди саясатташтырганда акыбети жакшылык менен бүткөн эмес. Буга ааламдагы окуялар күбө. Бүгүнкү күндөгү согушуулар, чоң-чоң жаңжалдашуулар динди саясатташтырып жибергенден келип чыгууда. Бизде Баш мыйзамыбызда дин мамлекеттен ажыраган деп каралган. Ошондуктан экөөнүн саясаты эки бөлөк болушу керек. Динди эч качан саясатташтырбашыбыз зарыл. Бул жакшылыкка алып барбайт.

— Муфтий ишкерлик менен алектенгенге уруксат берилгенби?

— Биз элдин колун карабай, өзүбүздүн колубуз менен адал акча тапканга уруксат. Пайгамбарыбыз өзү адал соода кылган. Ханафий мазхаб, толлеранттуу мазхаб деп айтабыз. Ошол ханафий мазхабды түзгөн имам Абу Ханифа жибектин, атырлардын, буюм-материалдын чоң соодагери, замандын миллиардери болгон. Ошондуктан элдин колун карап олтурбай, адал соода кылып, ошонун зекетинен динге жардам берип, бей-бечараларга көмөк кылганы шарияттын, мыйзамдын талабы.

Каныбек Туманбаев, жеке ишкер: “Муфтий менен алмаштырган үйүм 300 миң доллар турбайт, бул карандай калп”

Мен муфтийибиз Максатбек ажы Токтомушевди көп жылдардан бери жакшы тааныйм. Аны каралаган сөздөрдү да уктум. Чындыкка жакындабаган маалыматтар менен муфтийди жамандоого аракет кылышыптыр. 2017-жылы жай мезгилинде муфтийдин көп кабаттуу үйдөгү квартирасы менен өзүмдүн жер үйүмдү алмаштыргам. 300 миң долларга жер үйдү сатып алды деген сөз калп. Мен ошол жер үйдү 300 миң долларга саткан эмесмин. Болгону муфтийдин Түштүк магистралдагы квартирасына гана алмаштырганбыз. 300 миң доллар тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Алмаштыргандан экөөбүз тең пайда көргөнүбүз жок. Жер үй Максат ажыга жакты, алмаштырганга макул болду. Калпты айтып жаткандар сүрөттөгөндөй жер үй укмуш эмес. Кандай курулгандыгын курган киши катары жакшы билем. Айтылган сөздөрдүн баары жалган.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: